Криштиану Роналду кайрадан Гиннестин рекорддор китебине кирди

Дүйнө Загрузка... 25 Март 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек 25.03.25 /Кабар/. Португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналду кайрадан Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, легендарлуу футболчуга улуттук команданын деңгээлиндеги беттештерде жеңиштердин саны боюнча рекорд жараткандыгы үчүн 23-мартта Данияга каршы беттештин алдында Гиннестер китебине киргендиги туууралуу сертификат тапшырылган.

Эске салсак, 2024-жылдын 15-ноябрында өткөн УЕФА Улуттар лигасында Португалия Польшаны 5:1 эсеби менен жеңип, Роналду Португалия курамасы менен 132чи жеңишине жеткендиги үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.