Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
– Улуттук илимдер академиясынын укуктук статусу, ишинин максаттары, негизги милдеттери жана функциялары;
– Улуттук илимдер академиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби;
– Улуттук илимдер академиясынын башкаруу органдары жана мекемелери тууралуу жоболор;
– Улуттук илимдер академиясын каржылоо жана мүлкү тууралуу жоболор;
– Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык камсыздоо тууралуу жоболор ж.б.