Күрөө тармагындагы ири сүткорлук. Жактоочу камакка алынды

Укук тартиби Загрузка... 20 Январь 2026 17:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Курулуштагы жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү алдамчылык жана опузалоо схемасынын шериктеши болгон жактоочу Исаев Рустам Асангазыевич кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, атайын кызмат тарабынан алдамчылык жана ири өлчөмдөгү мүлктү опузалап алуу фактылары боюнча күрөөкана иштетүү жана сүткорлук менен алектенген КР жараны Манас Султанов кармалган.

М.Султанов оор абалда калган жарандарга жогорку пайыз менен насыя берип, аларды атайылап карызга батырган жана күрөөгө коюлган мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алып турган. Анын ишмердүүлүгү жабырлануучуларга кысым көрсөтүү, коркутуу жана психологиялык таасир этүү элементтерин колдонуу менен коштолуп, жарандардын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кайрылууларына тоскоолдуктар жасалган.

М.А. Султановко жогоруда айтылган мыйзамсыз иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн Исаев Рустам Асангазыевич аттуу жаран өзүн анын өнөктөшү жана жактоочусу катары көрсөтүп, баардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткөнү аныкталган.

Ошол эле учурда Р.Исаевдин түздөн-түз катышуусу жана көмөгү астында "Эксперт Строй" ЖЧКга караштуу - "Шелковый путь" турак жай комплекси жана "Арз Девелопмент" ЖЧКнын жетекчилерине карата кыймылсыз мүлктөрдү жана башка материалдык баалуулуктарды опузалап алуу жана опузалап талап кылуу иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Р.Исаев юриспруденция жаатында практикалык көндүмдөргө жана теориялык билимге ээ болгондуктан М.Султановтун ишмердүүлүгүнө түздөн-түз колдоо көрсөтүү аркылуу жогоруда аталган курулуш объектилеринин менчик укугуна негизсиз чектөөлөрдү киргизүүгө көмөктөшкөн. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрүн жана үлүшчүлөрдү мүлктөрүн өткөрүп берүүгө көндүрүү үчүн жеке өзү коркутууларды ишке ашырган.

Маалымат үчүн: Исаев Рустам менен Манас Султановдун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында "Эксперт Строй" ЖЧКга караштуу - "Шелковый путь" турак жай комплексинин 89 үлүшчүсү, "Арз Девелопмент" ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана алардын сүткорлук кызматтарынан пайдаланган бир катар кыргызстандыктар жабыркаган.

Жогорудагыларды эске алуу менен чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, ал жактан жактоочу Р.Исаевге кылмыш иштери козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Аталган кылмыш ишинин алкагында бир катар издөө жана тергөө-ыкчам иш-чаралары уюштурулуп, анын натыйжасында КР жараны Р.А. Исаев кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, ага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.