Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Кыргыз спорту орду толгус оор жоготууга учурады.
СССРдин жана КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 1945-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Спорттук жолунда СССРдин курама командасынын курамында чыгып, республикалык жана бүткүл союздук мелдештерде жеңиштерге жетишкен. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн кыргыз күрөшүн өнүктүрүүгө жана жаш спортчуларды тарбиялоого арнаган.
Ал Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук жана башкы машыктыруучусу, олимпиадалык резерв мектебинин директору, Күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болуп эмгектенген. Көптөгөн спорт чеберлерин тарбиялап, алардын арасында дүйнө, Европа жана СССР чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери, эл аралык класстагы спорт чеберлери жана Кыргызстандын көп жолку чемпиондору чыккан.
Жеңиш Бекбоевичтин кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана ”Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер“ ардак наамына татыган.
Жеңиш Дөңбаевдин өмүр жолу – спортко берилгендиктин, устаттык эмгектин жана мекенчилдиктин үлгүсү. Жеңиш Бекбоевичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
А.А. Касымалиев, У.Э. Маматканов, Ы.Ы. Атажанов, У.С. Асанбаев, Э. Жумаев, А.А. Оморканов, К.О. Осмоналиев, М.О. Букуев, А.М. Салымбеков, Т.А. Сариев, Э.С. Тентишев, М.Т. Турганбаев, Ш.Р. Касенов, М.А. Акеров, А.М. Юнусов, Х. Махмудов, Ж. Карагулов, К.А. Макешов, Б.Б.Кенжебаев, Ч.К. Изабеков, Н.К. Изабеков, Р.М. Мажинов, О.П. Назаров, К.Б. Өмүралиев, М.Ж. Ахметов ж.б.