Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында аталган кызматтын 108 жылдыгы белгиленди.
ИИМдин маалыматына ылайык, ага министрликтин жетекчилиги, учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлер жана кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында кызматтык милдеттерин аткарууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды.
Салтанаттын соңунда ИИМдин жетекчилиги кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлерине жана ардагерлерине кесипкөйлүгү, кайраттуулугу жана кызматка берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, кызмат түзүлгөндөн берки жылдар аралыгында кылмыш иликтөө бөлүмдөрү кесиптик жактан өнүгүүнүн олуттуу жолун басып өттү. Ыкчам-издөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарып, жарандарды мыйзамсыз кол салуулардан коргоого салым кошуп келишет