Космонавт Салижан Шариповго Кыргызстандын жаранынын паспорту тапшырылды

Министрлер кабинети 09 Август 2025 14:50
6896fd16f171d.jpeg
6896fd1683922.jpeg
6896fd1715b51.jpeg
6896fd16d78aa.jpeg
6896fd16d4192.jpeg
Алдыга
Артка
6896fd16f171d.jpeg
6896fd1683922.jpeg
6896fd1715b51.jpeg
6896fd16d78aa.jpeg
6896fd16d4192.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды.

“Ушундай көрүнүктүү инсанга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшыруу мен үчүн чоң сыймык. Салижан Шарипов өлкөбүздүн сыймыгы. Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз", - деди Адылбек Касымалиев.

Салижан Шарипов мындай көңүл бурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен болгон байланышты дайыма сезээрин жана өзүнүн ата-мекени менен сыймыктанарын баса белгиледи