Коррупцияга каршы күрөш: Мамлекетке 959 объект жана 3300 гектар жер кайтарылды

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 13:15
3644412.4687b608abf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген.

"Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык айыл чарба жерлери кайтарылды. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун 300дөн ашык мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген 38 млрд сомдон ашык зыян өндүрүлдү. Биз айрым криминалдык түзүмдөрдү гана жоготпостон, ондогон жылдар бою келе жаткан көмүскө таасирлерди багып келген механизмдердин системасын талкалай алдык", - деп билдирди өлкө башчысы.