Коргоо министрлигинин кызматкерлерине жакында 900дөн ашык ипотекалык батир берилет

Коом 437 20 Январь 2026 13:05
WhatsApp_Image_g0H2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
696f154d4b9ca-thumb.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_g0H2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
696f154d4b9ca-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакынкы арада 900дөн ашык батир берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте аталган министрликке унааларды тапшыруу аземинде билдирди.

696f154d4b9ca-thumb.jpg

Адылбек Касымалиев белгилегендей, ипотекалык турак жай үчүн ай сайын компенсация төлөнөт. Мында аскер кызматкерлерине Бишкек шаарында 18 миң сом, аймактарда 15 миң сомду түзөт.

“20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө ипотекасын толук кутулганга чейин төлөп берилет. Кайсы аймакта кызмат кылбаңыздар сиздерге өзүңүздөр тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берилет", - деди минкаб башчысы.