Коргоо министрлигине 80ден ашуун унаа тапшырылды

Министрлер кабинети 20 Январь 2026 12:25
696f15654eb92-thumb.jpeg
696f154d4b9ca-thumb.jpeg
696f154ee6ca1-thumb.jpeg
696f155dd2228-thumb.jpeg
696f156b9d69b-thumb.jpeg
696f156e83d8e-thumb.jpeg
696f1552eca3e-thumb.jpeg
696f1555d2651-thumb.jpeg
696f1555e13d6-thumb.jpeg
696f1558a48de-thumb.jpeg
696f1566d1b07-thumb.jpeg
696f1572e6a02-thumb.jpeg
696f15595debb-thumb.jpeg
696f15615b3d4-thumb.jpeg
696f15754b21c-thumb.jpeg
696f15773bee6-thumb.jpeg
696f156920ce6-thumb.jpeg
696f1553701f7-thumb.jpeg
696f153ab699a-thumb.jpeg
696f15483d03c-thumb.jpeg
696f154667efa-thumb.jpeg
696f1531234ca-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
696f15654eb92-thumb.jpeg
696f154d4b9ca-thumb.jpeg
696f154ee6ca1-thumb.jpeg
696f155dd2228-thumb.jpeg
696f156b9d69b-thumb.jpeg
696f156e83d8e-thumb.jpeg
696f1552eca3e-thumb.jpeg
696f1555d2651-thumb.jpeg
696f1555e13d6-thumb.jpeg
696f1558a48de-thumb.jpeg
696f1566d1b07-thumb.jpeg
696f1572e6a02-thumb.jpeg
696f15595debb-thumb.jpeg
696f15615b3d4-thumb.jpeg
696f15754b21c-thumb.jpeg
696f15773bee6-thumb.jpeg
696f156920ce6-thumb.jpeg
696f1553701f7-thumb.jpeg
696f153ab699a-thumb.jpeg
696f15483d03c-thumb.jpeg
696f154667efa-thumb.jpeg
696f1531234ca-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 унаанын ачкычын тапшырды.

Адылбек Касымалиев президенттин жана министрлер кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы техникалардын алынышы менен куттуктады. 

“Алынган автотранспорттордун арасында Кыргызстандагы “Тулпар Моторс” заводунан чыгарылган 19 даана JAC Т-6 үлгүсүндөгү  унаасы жана 36 даана Chevrolet үлгүсүндөгу унаа бар экенин белгилеп кетким келет. Ата Мекенди коргоо – эң ыйык милдет. Заманбап армия – ата-бабалардын демин, доордун даанышмандыгын айкалыштырган армия. Азыркы жоокерлер – мурдагы жоокерлердей эле эр жүрөк адамдар. Бирок алардын колунда эми кылыч эмес, заманбап технологиялар. Калкандын ордуна алар мыйзамды жана тартипти сакташат; жаанын ордуна алар билимди жана тактыкты кармашат. Жеке күчтүн ордуна биримдикти жана аскердик тартипти кармап турушат. Биздин жоокерлер өз мекенинин алдындагы жоопкерчилигин терең сезген жоокерлер экенине ынанабыз. Сиздердин берген антыңыздар жөн эле сөз эмес, ал тагдыр. Буйрук милдет эмес, сыймык. Кызмат кесип эмес, өмүр бою жоопкерчилик. Мына ушундай армиябыз болгондо чек арабыз бекем корголуп, асманыбыз тынч, мамлекетибиз туруктуу жана ишенимдүү болот”, - деген минкаб төрагасы бүгүн тапшырылып жаткан техникалар аскер бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн арттырып, өздүк курамдын коопсуз жана ыкчам кыймылын камсыздай турганын кошумчалады.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган.

Минкаб төрагасы Коргоо министрлиги санариптештирүүнүн биринчи этабын, документ жүгүртүүнү, жарандык кадрларды эсепке алууну жана аскердик каттоо процесстерин иретке келтирүүнү ийгиликтүү ишке ашырганына токтолуп сөзүн улантты. Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди, үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат. Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды.

Ошондой эле аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына да токтолду. Минкаб төрагасынын айтымында, учурда Бишкек шаарында күнүмдүк ижара акысынын компенсациясы 500 сомго чейин, ал эми аймактарда 420 сомго чейин көтөрүлдү, ипотекалык турак жай үчүн ай сайын компенсация төлөнөт - аскер кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында 18 миң сом, аймактарда 15 миң сом, 20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө ипотекасын толук кутулганга чейин төлөп берилет, кайсы аймакта кызмат кылбаңыздар сиздерге өзүңүздөр тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берилет, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакынкы арада бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир берилет. 

Маалымат үчүн: Коргоо министрлигине – 81 даана техника өткөрүлүп берилди. Алар: 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу унаасы, 19 JAC T-6 унаасы, 18 “Газель” фургону, 5 экипаж автобусу жана 3 JAC Sunray кичиавтобустары.