Коргоо министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 13:56
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жыйынга коргоо министрлигинин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев баштаган Куралдуу күчтөрдүн командирлери жана жетекчилери, кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин кызматкерлери катышты.

Анда президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгы жана кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын нормалары түшүндүрүлдү.

Ошондой эле өздүк курамга Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө ченемдик-укуктук актылары маалымдалды:

- КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-348 беренелерин ылайык - белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу милдеттүү болуп саналат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат;

- КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-348 беренелерин ылайык - адам күнөөсүн мойнуна алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө келишим түзгөндө сот эң аз жазанын жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалайт;

- 95-берене - адам соттуулугу жок деп эсептелет, ал эми соттуулугу жоюлган, эгерде ал жазадан бошотулгандан, жазасын өтөгөндөн же аткарылгандан кийин өтүп кетсе... 336 – берене алынып салынат;

- 340-берене - кызмат адамы тарабынан акыркы эки жылда иштеген иши үчүн мыйзамдуу булактар менен ырасталган наркы анын кызматтык кирешесинен ашкан мүлккө ээлик кылуу (пайдалануу) укугуна ээ болушу же мындай мүлктү (2 жылдан 8 жылга чейин) жакын туугандарына же башка адамдарга берүү;

- айыптар алынып салынат: мисалы, 342 жана 343-беренелери - 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо.

Соңунда өлкөдө 2025-2026-жылдары коррупцияны толугу менен жок кылуу милдети коюлгандыгы айтылды. Буга байланыштуу чогулгандарга коррупциялык көрүнүштөргө же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги эскертилди.