Кореяда Кыргызстандын тоолуу региондорду өнүктүрүү демилгелери тааныштырылды

Коом 16 февраль 2026 16:18
634811124_1476678964466733_5909529136084329668_n.jpg
634001008_1476678901133406_1002284365759115411_n.jpg
634527221_1476678851133411_1771040696576559733_n.jpg
634812190_1476678854466744_4124780742165499200_n.jpg
634890203_1476678937800069_3431668887657698856_n.jpg
634935874_1476679054466724_5083119747752173321_n.jpg
635151808_1476679061133390_7224958515987001275_n.jpg
635525788_1476679011133395_2564116315250587740_n.jpg
637236431_1476678857800077_5505814932834481952_n.jpg
Алдыга
Артка
634811124_1476678964466733_5909529136084329668_n.jpg
634001008_1476678901133406_1002284365759115411_n.jpg
634527221_1476678851133411_1771040696576559733_n.jpg
634812190_1476678854466744_4124780742165499200_n.jpg
634890203_1476678937800069_3431668887657698856_n.jpg
634935874_1476679054466724_5083119747752173321_n.jpg
635151808_1476679061133390_7224958515987001275_n.jpg
635525788_1476679011133395_2564116315250587740_n.jpg
637236431_1476678857800077_5505814932834481952_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргызстандын тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү демилгелерин илгерилетүүгө жана Глобалдык тоо күн тартибинин алкагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында Кореяга барып келди.

Иш сапардын жүрүшүндө Азия токой кызматташтыгы уюмунун (AFOCO) аткаруучу директору Пак Чон Хо, Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) аткаруучу директору Ким Санг Хёп, ошондой эле Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен (2023-2027-жылдарга) Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында Кыргызстанда тоолуу региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча конструктивдүү консультациялар өткөрүлдү.

Динара Кемелова ошондой эле Кореянын Тышкы иштер министрлигинин климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча элчи, министрдин орун басары Кюн Чон Хо жана Кореянын Токой чарба агенттигинин Эл аралык кызматташтык бюросунун башкы директору Нам Сонг Хи менен жолукту.

Атайын өкүл Кыргызстандын БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында тоо жана климат маселелеринин өз ара байланышын жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча жетишкендиктерин, анын ичинде 2026-жылы тоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог өткөрүү пландарын белгилеп өттү. Бишкек шаарында Тоолуу региондордун туруктуулугунун глобалдык борборун түзүү жана Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн глобалдык программасын негиздөө демилгелери сунушталып, Кореяга өнөктөштүк жана биргелешип уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунуш кылынды.

Токой экосистемаларын калыбына келтирүү, тоолуу региондордогу табигый кырсыктарга каршы күрөшүү, жерлердин деградациясы, климаттын өзгөрүшү, тоо продукцияларын бренддөө жана тоолуу өлкөлөрдүн институционалдык потенциалын бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары, Динара Кемелова "Глобалдык жана регионалдык тоо диалогун илгерилетүү: 2Бишкек +25" Экинчи глобалдык тоо саммитине карай" аттуу тегерек столго катышты. Иш-чара "Борбор Азия – Корея" кызматташтык форумунун катчылыгы менен биргеликте уюштурулуп, ага Кореянын мамлекеттик органдарынын жана компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле AFOCO, GGGI, UNESCO жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Сеул улуттук университетинин Евразияны жана Борбор Азияны изилдөө борборунда тоо күн тартибинин бет ачары болду.