Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Коом Загрузка... 19 Март 2025 15:20
2617635.7e12648be1ff50c2cc7f6cfc2a53254c.500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн Кыргызстандын жарандары өлкөгө келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.

КР Социалдык фондунан билдиришкендей, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 113 адамды түзөт, алардан 96 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 17 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3 642 АКШ долларын түздү.