Коомдук транспортту өнүктүрүү – артыкчылыктуу багыттардын бири – президент

Президент Загрузка... 28 Август 2025 15:21
52966482751280_SOIXx3k.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.08.25 /Кабар/. "Коомдук транспортту өнүктүрүү маселеси калаа тургундарынын күнүмдүк каттамын жакшыртуу жана алар үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүү аракетинде мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири, - деди өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышында.

Президенттин айтымында, акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000 ашуун автобус сатып алынды.

"Мындан ары да транспорттук паркты жаңылоону улантабыз. Бирок азыркы күндө транспорт гана эмес, экология маселеси да курчуй баштады. Калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү. Мындай заманбап чечимдер – биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз!”, - деди Садыр Жапаров.