Континенттер ортосунда жаңы достук көпүрө курулууда – президент

Президент Загрузка... 29 Апрель 2026 16:12
photo_5444897394999891164_y (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Жалпысынан алганда Кыргызстан Африкадагы ишенимдүү өнөктөшкө, ал эми Того Евразиянын борборунда жайгашкан Борбор Азияда чыныгы доско ээ болууда деп ишендирип кете алам. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен “Ынтымак Ордодо” өткөн жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасынын өлкөбүзгө болгон сапары эки мамлекеттин кызматташтыгынын мындан ары бекемделишине негиз түзөт.

“Урматтуу Фор Гнассингбенин Кыргызстанга алгачкы сапары Кыргызстан-Того кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө, бири-бирибиздин уникалдуу маданияттарыбызды, салттарыбызды өз ара таанып-билүүгө, ошондой эле континеттердин ортосунда жаңы достук көпүрөлөрүн курууга бекем негиз түзөт деп ишенемин”,- деди Жапаров.