Конгодо Эбола күчөп, ачарчылык кырдаалды оорлотту

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 09:15
738fd629-c9ca-409e-9911-f7c266f0bdd7.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Конгодогу Эбола илдетине каршы күрөштү күчөтүү үчүн эл аралык коомчулукту кошумча каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө Эболага чалдыккандардын саны 3 миң 200дөн ашып, эпидемияга каршы күрөшкө ачарчылык жана азык-түлүк тартыштыгы олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.

Программанын жетекчисинин милдетин аткаруучу Карл Скау эбола менен күрөшүүдө медициналык жардамдан тышкары элди азык-түлүк менен камсыздоо да маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, тамак-аштын жетиштүүлүгү бейтаптардын жана алар менен байланышта болгондордун коопсуз обочолонуусуна шарт түзүп, илдеттин жайылышын азайтууга жардам берет.

Эпидемиянын эң чоң очогу Итури провинциясында катталууда. Бул аймакта 1,9 миллионго жакын адам азык-түлүккө көбүрөөк муктаж. Жалпысынан вирус жайылган аймактарда 2,65 миллиондон ашуун адамдын тамак-ашы жетишсиз.

Учурда Конгонун бийлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип эпидемияга каршы иштерди жүргүзүп жатат. Эпидемия башталгандан бери БУУнун гуманитардык авиациясы 495 жолу каттам жасап, миңдеген гуманитардык кызматкерлерди жана ондогон тонна зарыл жүктөрдү жеткирди.

Ошондой эле бейтаптарга, карантиндегилерге жана медицина кызматкерлерине 160 миңден ашуун ысык тамак берилсе, 23 миңге жакын тургун азык-түлүктөр менен камсыздалды.

Бирок гуманитардык уюмдар каржылоонун жетишсиздиги, коопсуздук маселелери жана айрым аймактарга жетүүнүн оордугу эпидемияны ооздуктоого тоскоол болуп жатканын билдиришүүдө.

Алдыдагы алты ай ичинде программанын Конгодогу иштерин улантуу үчүн 293,6 миллион доллар талап кылынат. Бул каражат азык-түлүк жеткирүүгө, логистикалык иштерди жүргүзүүгө жана жабыркаган калкты колдоого жумшалат.