Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Киноиндустрияны колдоо жана мамлекеттик буюртмаларды бөлүштүрүү боюнча жаңы механизмдер ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эки ай мурда атайын документ иштелип чыгып, бекитилди.
Пилоттук долбоордун алкагында, 2025-жылдын аягында коммерциялык максатта эки кино тасманы өндүрүү иштери башталган.
Аларды тартуу иштери 2026-жылдын орто ченинде аяктайт. Андан соң кинолор көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн прокатка чыгарылат.
Марат Тагаев белгилегендей, министрлик кино өндүрүүчүлөр менен кызматташууга кызыкдар.
“Өлкөдө 80 жеке кино студия иштейт жана аларга колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Буга чейин “Кыргызфильмдин” мамлекеттик буюртмаларын саналуу гана режиссерлор алып келсе, эми ал бардыгына ачык. Мындан ары топ адамдардын монополиясы болбойт”, - деди министрдин орун басары.