Кино тармагын каржылоо 4 жылда 10 эседен ашык өстү − Касымалиев

Маданият Загрузка... 08 Июнь 2026 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Акыркы жылдары кино тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышында билдирди.

Ал белгилегендей, мындан 4 жыл мурда бул тармакка 80 млн сом бөлүнгөн. Быйыл 928 млн сом, же 10 эседен көп каражат каралды.

“Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктын негизинде киного мамлекеттик колдоо көрсөтүү олуттуу күч алды. Экономикадагы жандануу, туруктуу 10-11%дык өсүштөрдүн натыйжасында калкыбызды руханий дүйнө азыктары менен көбүрөөк камсыз кылууга шарт түзүлдү. Кинематографиянын өнүгүүсүнө президенттин жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” улуттук программасы таасирин тийгизип, стратегиялык багытын аныктайт”, - деди минкаб төрагасы.