Кыргызстандык режиссёр улуттук кинону дүйнөгө таанытууну кыялданат – маек

Маек
Кыргызстандык режиссёр улуттук кинону дүйнөгө таанытууну кыялданат – маек
copyright icon Айдар Акылбек уулунун өздүк архивинен
Кабар редакциясы

Айдар Акылбек уулу бир нече жыл бою Европадагы жана АКШдагы алдыңкы кино мектептерине тапшырып, бирок окууга өтпөй калган. Ал эми The Hollywood Reporter басылмасы 2026-жылы АКШдагы эң мыкты кино мектептеринин ичинен биринчи орунга койгон дүйнөдөгү белгилүү окуу жайлардын бири – USC School of Cinematic Artsка биринчи аракетинен эле кабыл алынган. Бүгүн Бишкектен чыккан режиссёр Лос-Анжелесте магистратурада окуп, өзүнүн тасмаларын тартып, Голливуд киноиндустриясынын иштөө эрежелерин үйрөнүп жатат. Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде америкалык кино мектебине кантип тапшырууга болорун, АКШдагы тасма тартуу процесси өзү көнүп калган ыкмадан эмнеси менен айырмаланарын жана кыргыз киносун дүйнөгө таанытууну эмне үчүн кыялданарын айтып берди.

— Эмне үчүн дал ушул USC School of Cinematic Arts кино мектебине тапшырууну чечтиңиз? Кыргызстанда туруп АКШнын алдыңкы кино мектептеринин бирине өтүү канчалык кыйын болду?

— Бул кино мектеби тууралуу мектепте окуп жүргөн кезимден бери билем. Ал дайыма дүйнөдөгү эң мыкты үч кино мектебинин катарына кирчү. Ал эми 2026-жылы The Hollywood Reporter басылмасы аны АКШдагы кино мектептеринин арасында биринчи орунга койду.

Кыргызстандык режиссёр улуттук кинону дүйнөгө таанытууну кыялданат – маек

Мага бул жерде кино тармагындагы дээрлик бардык кесиптер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилгени жагат. Алардын катарына режиссёрлук, сценарий жазуу, монтаж, үн режиссёрлугу, сүрөтчү-сценографтын иши кирет. Студенттер ар кандай бөлүмдөрдө иштеп көрүп, тасманын жаралуу процессин ичинен таанып-билишет. Келечекте кайсы кесипти тандаба, бул абдан пайдалуу тажрыйба.

Окууга тапшыруу жолум оңой болгон жок. Бир нече жыл бою Европадагы жана Америкадагы алдыңкы кино мектептерине документтеримди жөнөтүп жүрдүм, бирок кабыл алынбай калдым. USCге бир гана жолу документ тапшырдым жана биринчи аракетимден эле өттүм. Кийинчерээк мага Уильям Рэндольф Херст атындагы стипендия да ыйгарылды.

Менимче, USCнин өзгөчөлүгү – бул жерде абитуриенттин тажрыйбасы жана кесиптик жөндөмү гана эмес, анын инсандыгы, басып өткөн жолу жана өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү да бааланат.

— АКШ менен Кыргызстандын кино тармагындагы билим берүү ыкмалары жана тасма тартуу процессин уюштурууда кандай айырмачылыктар бар?

— АКШдагы бардык кино мектептери тууралуу жалпылап айта албайм, анткени алардын ар биринин өзүнө тиешелүү ыкмалары бар. Мен USC тууралуу гана айтып бере алам. Бул – Голливуддун кино мектеби. Анын бүтүрүүчүлөрү чоң киноиндустрияда иштей башташат. Ошондуктан бул жердеги окуу процесси кесипкөй тасма тартуу иштери кандай уюштурулса, ошол принциптерге негизделген. Бардык нерсе алдын ала даярдалышы керек: зарыл уруксаттар алынып, майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулуп, тартуу тобунун ар бир мүчөсү өзүнө жүктөлгөн иш үчүн жооп бериши зарыл.

Бул жерде так эрежелер бар. Мисалы, тасма тартуудагы бир смена 12 сааттан ашпоого тийиш. Эгер иш алты сааттан ашык созулса, тартуу тобуна ысык тамак берилиши керек. Ал эми жеңил тамак-аш жана суусундуктар сменанын бүткүл убактысында жеткиликтүү болушу зарыл.

Кыргызстандык режиссёр улуттук кинону дүйнөгө таанытууну кыялданат – маек

Даярдык иштеринин өзүнчө чоң бөлүгүн тасма тартууга уруксат алуу түзөт. Белгилүү бир жерде тасма тартуу үчүн шаардык администрацияга арыз берип, тартылчу көрүнүштү кеңири сүрөттөп жазуу керек. Анда тартуу аянтчасында канча адам болору, кадрда эмне көрсөтүлөрү жана кандай шарттар талап кылынары белгиленет. Бир гана жерди макулдашуу үчүн кеминде жети тараптын колун чогултуу зарыл. Алардын арасында өрт өчүрүү кызматынын, полициянын, имараттын администрациясынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү бар. Ошол эле учурда бардык талаптарды аткаруу уруксат сөзсүз берилет дегенди билдирбейт. Мунун баарын биз биринчи курстан тартып үйрөнөбүз.

Кыргызстанда көптөн бери тасма тартпагандыктан, азыркы абалды кеңири салыштыра албайм. Эсимде калгандай, ал жакта көп нерсе жеке макулдашуулар аркылуу чечилип, тартуу топторуна көбүрөөк эркиндик берилет. Ар бир ыкманын өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.

— Окуу учурунда кайсы тасмалардын жана долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз? Азыртадан эле чыныгы киноиндустрияда иштеп көрүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатабы?

— Окуумдун алгачкы үч айында режиссёр катары эки кыска метраждуу тасма тарттым. Алар – Cold жана Shadows.

Мындан тышкары, курсташтарымдын тасмаларын тартууга да катышып жатам. Бул долбоорлордо ар кандай милдеттерди аткарып көрүп жатам: оператор, сүрөтчү, продюсер жана монтажёр болуп иштейм. Бул – окуунун милдеттүү бөлүгү. Биз ар кандай бөлүмдөрдө иштеп, бир нече багыт боюнча тажрыйба топтошубуз керек.

Окуу долбоорлорунан тышкары, бүтүрүүчү курстун студенттеринин дипломдук тасмаларын тартууга да катышам. Бул кыйла масштабдуу иштер, аларга 30дан ашык адамдан турган тартуу топтору тартылат. Адатта оператордук бөлүмдө механик же гафер болуп иштейм. Так ушул багытта тажрыйбам көбүрөөк.

USCге тапшырганга чейин тарткан иштерим да бар. Чикагодо өзүмдүн продакшн-студиям болгон. Ал жерде ишканалар үчүн жарнамалык роликтерди тартчубуз. Мындан тышкары, былтыр Served Meat аттуу кыска метраждуу тасма тарттым. Ал Грециядагы кинофестивалдардын биринде жеңүүчү болгон.

Кыргызстандык режиссёр улуттук кинону дүйнөгө таанытууну кыялданат – маек

— Топтогон тажрыйбаңыздын кайсынысын кыргыз киносуна алып келүүнү каалайсыз?

— Чет өлкөдө жашап жатканыма он жылдан ашты. Ошондуктан азыр кыргыз киносунда эмне болуп жатканын объективдүү баалоо мен үчүн кыйын. Бирок алдыма койгон белгилүү бир максатым бар.

Бүгүнкү күндө Италия, Корея жана Чехия сыяктуу өлкөлөрдү дүйнө жүзү негизинен алардын кинематографиясы аркылуу да тааныйт. Мен Кыргызстанды да ушундай деңгээлде таанытууну каалайм. Чет өлкөлүк көрүүчү биздин өлкөнүн атын укканда анын кайда жайгашканын, бул жерде кимдер жашарын, элибиз кандай адамдар экенин билишин каалайм.

Азыр алып жаткан тажрыйбамды келечекте дал ушул максатка – кыргыз киносун өнүктүрүүгө жана кино аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга жумшагым келет.

— Келечекте тартчу тасмаларыңызда кандай окуяларды баяндагыңыз келет? Режиссёр катары кайсы темаларга кайрылууну каалайсыз?

— Келечекте Кыргызстанда жана Борбор Азияда иштөөнү пландап жатам. Бирок азырынча Голливуддагы ишиме көңүл буруп, зарыл тажрыйба топтоп, кесиптик жактан өсүүнү каалайм.

Кыргызстандык режиссёр улуттук кинону дүйнөгө таанытууну кыялданат – маек

Ал эми мекенимде ишке ашыра турган долбоорлорго келсек, мени өзгөчө инсандык өзгөчөлүк жана мекен темалары кызыктырат. Көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө жашашат. Алардын ар бири үчүн "үй" жана "мекен" деген түшүнүктөрдүн өз мааниси бар.

Мен бул теманы тасмаларымда изилдеп, маданиятыбыз тууралуу дүйнөнүн кайсы өлкөсүндөгү көрүүчү болбосун түшүнө ала тургандай кылып баяндап бергим келет.