Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында медицина кызматкерлери жана фармацевттер үчүн "Жусуп" тарыхый-көркөм тасмасынын атайын көрсөтүүсү болуп өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, тасма көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана мамлекеттик ишмердигине арналган. Анда анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы орду, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана ошол мезгилдеги маанилүү тарыхый окуялар көркөм чагылдырылган.
Көрсөтүүнүн соңунда көрүүчүлөр тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушту. Жолугушууда фильмдин жаралуу тарыхы, тартуу процесси жана чыгармачылык чечимдер тууралуу пикир алмашуу болуп, медицина кызматкерлери жана фармацевттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тасма боюнча ой-пикирлерин билдиришти.