Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Кофенин баасы өсүп, рекорд койду.
25-марттагы баа боюнча, арабиканын баасы фунтуна 3,44 долллар, ал эми робуста тоннасына 5 694 долларга жетип, тарыхый максимумду жаңылады.
Guardian гезити билдиргендей, баалардын өсүшүнө Бразилия жана Вьетнамдагы аба ырайы себеп болууда. Анткени кофе өндүргөн мамлекеттерде түшүм аз жыйналды.
Reuters кофенин баасынын жогорулашы чекене соодага да таасирин тийгизерин белгиледи. JDE Peet's чийки заттын кымбатташына байланыштуу өзүнүн продукциясынын баасын орточо эсеп менен 30%га жогорулатууну пландоодо. Мындай өзгөрүүлөр марттын аягында байкалары айтылууда.