Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Кофеинсиз кофе эс тутумдун жакшырышына таасир этиши мүмкүн. Мындай жыйынтык Ирландиядагы Корк университетинин нейробиологдору жүргүзгөн чакан изилдөөдө алынды. Бул тууралуу Азертаж кабарлады.
Маалыматка ылайык, изилдөөгө кофени үзгүлтүксүз ичкен 31 адам катышкан. Алар эки жума бою кофеден баш тартышкан. Андан кийин катышуучулардын бир бөлүгүнө кофеинсиз, экинчи бөлүгүнө кофеиндүү кофе берилип, үч жума бою күн сайын төрт порциядан ичишкен. Катышуучулар кайсы түрдөгү кофе ичип жатканын билишкен эмес.
Изилдөөнүн жыйынтыгында эс тутумга тест жүргүзгөндө кофеинсиз кофе ичкендердин көрсөткүчтөрү кыйла жакшырганы байкалган. Ал эми кофеин колдонгондордо мындай өзгөрүү байкалган эмес.
Окумуштуулардын пикиринде, кофенин мээге таасири кофеин менен гана байланыштуу эмес болушу мүмкүн. Буга ичеги-карындагы микроорганизмдер да таасир этиши ыктымал.
Ошол эле учурда кофеин камтылган кофе тынчсыздануу жана психологиялык чыңалуунун төмөндөшүнө, ошондой эле көңүл буруу жана сергектиктин жакшырышына байланыштуу болгон.