Кочкор өрөөнү, Кум-Дөбө айылы. Үстүнөн билинбегени менен айыл талааларынын алдында орто кылымга таандык шаарлар жашырылган болушу мүмкүн. Муну жергиликтүү тарых изилдөөчү көптөн бери айтып жүрөт. Бирок бул божомолдор тарыхчылар арасында талаш жаратып келет. Антсе да, аймактагы табылгалар барган сайын суроолорду көбөйтүүдө. Сыр каткан аймак туурасында жергиликтүү изилдөөчү маек куруп берди.
Кайырбек Коңурбаев Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургуну, тарых изилдөөчү
"Менин изилдөөм боюнча биз азыр байыркы Баласагын шаары турган жерде жашап жатабыз. Мен айтып жаткан Баласагын жана Суяб шаарлары азыркы Кум-Дөбө жана Ак-Жар айылдарынын ортосунда, жер астында жатат. 16-кылымда Махмуд ибн Вали өз эмгегинде бышкан кирпичтен салынган 280 курулуш жер астында деп жазган. Мен эле ушул жерден 30дан ашыгын билем".
Расмий илимде Баласагын жана Суяб шаарлары Чүй өрөөнүндө жайгашкан деп айтылат. Бирок жергиликтүү изилдөөчүдө Кум-Дөбөдөгү айрым табылгалардан улам башка ой пайда болгон. Айылдын четинде табылган мавзолей талаштын себептеринин бири.
"Муну казуу иштери 2017-жылы башталган. Сактап калуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык. Мындай тарыхый-археологиялык имарат Кыргызстан боюнча бир дагы өрөөндө жок. Могул төрт бурчтуу темирдин алдында, төрт бурчтуу кирпичтен салынган табыт бар экен. Анда адамдын сөөгү бар экен. Адам коюу жөрөлгөсүн жүргүзгөндө - бир аял, бир эркектин денесин жез тор каптап, чогуу коюшуптур".
Кум-Дөбө менен Ак-Жар айылдарынын ортосундагы талаада изилдөө иштери жүрүп келет. Магнитометриялык текшерүүлөр жер астында курулуш калдыктары бар экенин көрсөткөн. Изилдөөчү бул жерди байыркы Суяб шаарынын борбору деп эсептейт. Анын айтымында, 38 гектар аянт шаардык түзүлүштү эске салат.
"Биз аныктаган Суяб шаарынын борбордук сепилинде жүрөбүз. Мунун ичинде тыйын, айнек, темир эриткен заводдордун калдыктары табылды. Карапа, кирпич чыгарган цехтердин издери бар. Мен билгенден 15тей бышкан кирпичтен салынган имараттын изи турат".
Кум-Дөбөдө жер астынан табылган мончо эң кызыктуу табылгалардын бири. Анда катмар-катмар шыбалган дубалдарды жана жылытуу системасын байкоого болот. Жергиликтүү тарых изилдөөчү аймакты тыкыр изилдөөгө алыш керек дейт. Бирок ал үчүн чоң акча жана көп жылдык эмгек талап кылынат.
"Бала кезде ушундай чуңкурларга кирип ойночубуз. Бирок эмне экенин билчү эмеспиз. Аталарыбыз айтып калчу, кирбегиле деп. Көрсө, мончо болчу экен. Орозбек Солтобаев студенттери менен чоң эмгек жасашты. Бул жерден эки жылдын ичинде 250 тонна топуракты кол менен казып чыгарышты. Бул өтө чоң шаардын мончосу экени көрүнүп турат. Жерде жер алдынан өткөн жылытуу системасы бар. Сууну атайын түтүктөр аркылуу киргизишкен".
Жергиликтүү тургун 50 жылдан бери табылган буюмдарды чогултуп келет. Анын кичинекей музейинде миңден ашык артефакт сакталган.
"Бул тыйындардын арасында Караханиддерге жана кытайларга таандык үлгүлөр бар. Көпчүлүгү изилдене элек. Анын үстүнө кээ бириники жазуусу өчүп калган. Айрымдарында арабча жазуу бар. Молдолорго көрсөтүп, окутуп жатабыз. Сүрөткө тартып, ChatGPTге салсак, Баласагын шаарында чыгарылган тыйындар деп жатат".
Бирок артефакттар толук изилденмейинче, тыянак чыгарууга али эрте. Аймакта дагы бир көйгөй бар. Бул - жер айдоо маселеси. Жыл сайын талаа иштери башталганда археологиялык катмарлар бузулуп, баалуу табылгалар жоголуп кетүү коркунучунда турат.
"Кыргызстандын бир да өрөөнүндө жок археологиялык материалдар, артефакттар өтө көп. Биз 30-40 сантиметр тереңдиктен эле табылгаларды алып жатабыз. Эгер маданият катмарын ылдыйыраак казсак, өтө чоң байлык, кыргыз элинин тарыхы, мурасы жатат".
Изилдөөчү айылга музей курууну сунуштайт. Анын айтымында, бул тарыхты сактап калуу жолдорунун бири.
"Бул жерде 860 предмет бар. Дагы 1000ден ашыгын Бишкек шаарына алып барып салгам. Ошонун баарын бир жерге чогултсак, Италиядагы Помпей сыяктуу чоң тарыхый комплекс болушу мүмкүн".
Кум-Дөбө азырынча табышмактуу аймак. Бул жер чындап эле байыркы Баласагын же Суяб шаары болушу мүмкүнбү, же жөн гана чоң археологиялык жайбы, муну илимий изилдөөлөр гана так аныктайт. Бирок бул талаанын алдында тарых катылганы анык.