Күнтуу - Шопоков - Бишкек жолу кеңейтилип, асфальт төшөлөт

Коом 1268 27 Март 2025 10:01
485405048_966374152337998_1226907214953414832_n.jpg
485789437_966374149004665_2308027587930838045_n.jpg
Алдыга
Артка
485405048_966374152337998_1226907214953414832_n.jpg
485789437_966374149004665_2308027587930838045_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Кунтуу–Шопоков–Бишкек унаа жолун реконструкциялоо иштери башталды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 12, 4 чакырымды түзөт. Аталган жолду реконструкциялоо "Жол коопсуздугу" техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде куруу пландалууда.

Учурда 6 чакырым аралыгында жумуштар жүрүп жатат. Долбоор боюнча кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулат. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот. Ошондой эле лабораториялык изилдөөлөр үчүн карьерден керектүү инерттик материалдар алынып, жердин түзүлүшү жана топурактын курамы изилденүүдө.

"Аба ырайынын жакшырышы менен жер жумуштары, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, эски асфальтты сүрүп тегиздɵɵ иштери уланат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери бекитилген планга ылайык график боюнча жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулууда.