Күндүн активдүүлүгү акыркы эки жылда дээрлик үч эсеге төмөндөдү

Дүйнө 11 сентябрь 2026 09:35
Күндүн активдүүлүгү акыркы эки жылда дээрлик үч эсеге төмөндөдү
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Күндүн активдүүлүгү акыркы эки жылда дээрлик үч эсеге төмөндөдү. Учурдагы божомол боюнча, анын минимумуна 2029-жылы жетиши мүмкүн экендигин Интерфакс билдирет.

Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын маалыматына ылайык, Күндүн активдүүлүгү 2024-жылдын августундагы 216 бирдиктен 2026-жылдын августунда 76 бирдикке чейин төмөндөгөн.

"Акыркы айларда Күндүн активдүүлүгү божомолдонгондон да тез төмөндөп жатат. Август айында Күндүн активдүүлүк индекси 90 болот деп күтүлгөн. Бирок иш жүзүндө бул көрсөткүч 76 болуп, болжолдонгондон 16% төмөн чыкты", — деп айтылат лабораториянын билдирүүсүндө.

Эгер учурдагы тенденция сакталса, Күндүн активдүүлүгүнүн минимумуна мурда болжолдонгондон 1-1,5 жыл эрте, башкача айтканда, 2029-жылы жетиши мүмкүн.

Ошондой эле Күндөгү жарылууларга байланыштуу активдүүлүк төмөн бойдон калууда жана анын тез арада күчөшү азырынча байкалбайт.

"Ошол эле учурда кийинки мезгилде Күндүн активдүүлүгүнүн күчөшү күтүлүүдө. Күн кылымдык максимумга карай жылып жатат жана ага ушул кылымдын ортосунда жетиши мүмкүн", — деп билдиришти окумуштуулар.