Күн менен түн теңелип, жандануунун майрамы аталган Нооруз же Улуу күн тууралуу

Маек Загрузка... 21 Март 2025 13:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 21- мартта Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бардык аймактарда майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Ондогон жылдардан бери өлкөдө майрамдалып келген Нооруздун тарыхы, маани-маңызы тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев айтып берди.

- Кыргыз элинде Нооруз майрамынын келип чыгышы жөнүндө кандай маалыматтар айтылып келет?

- Нооруз бул бир эле элге, бир эле улутка таандык майрам эмес, бул чыгыш элдерине таандык майрам деп айтылып келгени белгилүү. Аталышы фарс тилинде “жаңы күн” дегенди түшүндүрөт. Жалпы чыгыш элдеринде аны жаңы жыл деп майрамдалат. Логикага салсак, кайсы бир деңгээлде аталышына төп келет. Себеби, жер жарылып көк чыгып, жаңылануу, жандануу катары кабылданган. Бирок кыргыздар бул майрамды Нооруз дебестен, Улуу күн деп атап келген. Улуу күн деген аталышты санжырадан, тарыхый булактардан карап көрсөк, 21-22-мартта күн менен түн теңелгенде астрологиялык кубулуш болуп жатат да. Анан ушул күнү табияттын ыргагында ушул күндөн ары күн узарат, түн кыскарат. Демек, жашоонун ыргагында жарык көбөйөт, караңгы азаят. Буга байланыштуу дал ушул күндү элибиз Улуу күн деп атап келген.

- Ноорузду утурлай сүмөлөк, көжө жасалат эмеспи. Булар жөнүндө айта кетсеңиз?

- Майрамда бүгүнкү күндө сүмөлөк кайнатылып келет. Майрамдык тамак-аштын келип чыгышынын тарыхына кайрылсак, тарыхта, жазма булактарда отурукташкан элдердин кыштан аман калып, жаз келерде Кудайдан тиленип, ыраазычылык иретинде кыштан калган тамак-аштын калгандарын чогултуп, буудай, арпа, жүгөрү жана башкаларды кошуп, бир казанга азык бышырган деген версиялар бар. Дагы бир булакта жазылып жүрөт, ачкачылыктан аман калуу максатында каткан-калган тамак-ашты чогултуп, азык жасашкан деген маалымат бар. Ноорузда же Улуу күндө ата-бабаларыбыздын эскерүүлөрүндө кыргыз эли чоң көжө деген тамак жасаган. Мен бала кезде ушу көжө деген тамакты жеп калдым. Мунун мааниси, философиясы ушул күнгө, жагдайга туура келчүдөй. Чоң көжө деген эмне деген тамак, кыргыздар күз келерде согум союп, кышка эт азыктарын камдап, кыштан чыгышкан. Ал эми кыш узап, жаз келгенде калган сүрлөрдү казанга асып бышырган. Анан буудайды сууга бир аз салып, кабыгынан ажыратып, эт менен кошо аскан. Бул көчмөндөрдүн маданиятына, табитине ылайыктуу. Ошондой эле айта кетүүчү нерсе, кыргыздар бул күнгө арнап атайын мал союп, кан чыгарган эмес. Анткени караңгы азайып, жарык көбөйгөн мезгилде, жаңы чөп чыгып жандануу болуп жатканда согумдан калган этти гана колдонушкан. Анан жаңы жылга өтүп кетишкен.

- Бүгүнкү күндө Нооруз майрамында арча күйгүзүлүп, аласталат. Бул аластоо кандай маанини камтыйт?

- Учурда көчмөндүк жашоо өзгөрүп, заман талабына жараша жашоо образыбыз өзгөрдү. Бирок Нооруздун философиясы сакталып калды. Бул майрамда арча күйгүзүлүп аласталат. Биз “аластоо” менен “арчалоо” деген сөздөрдүн маанисинин айырмачылыгын билишибиз керек. Аластоого токтолсок, бул бир гана жаңылануу күнү катары Ноорузда эле аласталат. Ал эми арчалоо белгилүү бир учурларда, мисалы, сасык тумоо маалында арчаланган. Эми арчанын өзү жөнүндө айтсак, бул бийик тоолуу аймактарда өсөт, жыл бою ал жапжашыл болуп турат. Бак-дарактардын күз келгенде жалбырактары түшөт. Ал эми арчанын кышында да жашыл болуп турушуна анын курамында эфир майларынын болгондугунда. Ошондуктан мында фотосинтез дайыма жүрүп турат. Биз арчаны алып күйгүзгөндө медициналык жактан профилактика катары колдонобуз. Азыр аластаганда арча күйүп, от жалындаганда аны атайылап түтүн чыгышы үчүн өчүрүшөт. Бул туура эмес, тескерисинче арчаны жалбырттатып күйгүзүш керек. Бул эң башкы мааниси болуп саналат. Биз изилдесек, мурда арчаны от жалындап күйсүн деп күйгүзүшкөн. Анткени эфир майлары күйгөндө абага тараган. Мындан улам бизге арчанын түтүнү эмес, анын жалыны жакшы эффект берет. Илгери ата-бабаларыбыз боз үйдө жашаганда атайын коломтодогу очокко отунду салганда жумасына бир жолу арчаны да кошуп коюшкан. Ал эми жылына бир жолу 21-мартта Ноорузда кыргыз эли аластаган. Бул салтка айлангандай тазалануу деген маанини билдирген. Ошондуктан ушундай маданий элементтер сөзсүз түрдө маани-маңызды камтыган.