Күн электр станциясы: Өлкө энергетикасынын экинчи маанилүү булагы

Маек Загрузка... 09 Апрель 2026 17:30
WhatsApp_Image_2026_PAqcOSM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Күн энергетикасы Кыргызстанда гидроэнергетикадан кийинки экинчи маанилүү энергия булагы болуп саналат. Өлкөдө бул тармакта долбоорлор жигердүү ишке ашырыла баштады.

Өткөн жылдын декабрь айында алгачкы күн электр станциясы ишке берилип, учурда башка объектилердин курулушу уланууда. Жогоруда аталган кайра жаралуучу энергия булагынын потенциалы жана ага байланышкан долбоорлор тууралуу министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директорунун орун басары Бакытбек Бердалиев айтып берет.

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалы кандай? Анын ичинде күн энергиясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берсеңиз?

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалы абдан жогору. Өзгөчө гидроэнергетика тармагы өлкөнүн энергетикалык системасында негизги орунду ээлейт.

Гидроэнергетикадан кийинки орунда эле күн энергиясы турат. Кыргызстанда күндүн нурунун узактыгы жылына орточо 260-280 күндү түзүп, бул күн электр станцияларын өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле айрыкча айрым тоолуу жана ачык аймактарда шамал энергетикасынын да потенциалы жогору болуп саналат.

Жакында Кемин районунда биринчи күн электр станциясы ишке берилди. Дагы кайсы аймактарда канча долбоор ишке ашырылып жатат? Быйыл канчасы ишке берилет?

Кеминдеги алгачкы күн электр станциясынын ишке берилиши өлкөдө күн энергетикасын өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болду. Азыркы учурда мындай долбоорлор Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында ишке ашырылууда. Алар долбоорлоо, макулдашуу жана курулуш этаптары сыяктуу ар кандай стадияларда турат.

Быйылкы жылдын ичинде 4 объектини ишке берүү пландалууда. Жалпысынан алганда, жакынкы жылдары өлкө боюнча дагы бир катар ири жана орто кубаттагы күн электр станцияларын куруу каралууда. Жыйынтыктап айтканда, ушул жылы кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндө жалпысынан 8 объектти ишке ашыруу пландалууда, алардын жарымы күн электр станциялары (КЭС) болот.

Күн жана шамал электр станциялары өлкөнүн электрге болгон муктаждыгынын канча пайызын жаба алат?

Күн жана шамал электр станциялары өлкөнүн энергетикалык балансын диверсификациялоого жана кошумча генерация булактарын түзүүгө багытталган.

Азыркы этапта бул станциялар жалпы электр энергиясына болгон муктаждыктын белгилүү бир бөлүгүн жабууга багытталууда. Алар негизинен регионалдык деңгээлде электр камсыздоону жакшыртууга жана жүктөмдү тең салмактоого жардам берет. Келечекте бул тармактарды кеңейтүү аркылуу алардын жалпы энергетикалык системадагы үлүшүн кыйла жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейде күн панелдерин орнотуучу мастерлер окутулуп жаткан экен. Бул окутуулар тууралуу да айта кетсеңиз?

Аталган лицейде энергетика тармагына байланыштуу адистерди даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул демилге кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган. Аталган окутуу программаларынын алкагында мастерлер жана адистер күн электр станцияларын орнотуу, тейлөө жана эксплуатациялоо боюнча практикалык билим алышууда. Бул өз кезегинде өлкөдө “жашыл” энергетиканы өнүктүрүүгө зарыл болгон кадрдык потенциалды чыңдоого өбөлгө түзөт. Окутуу мөөнөтү 3 ай, ага 18 жаштан жогорку жарандар келип окуй алышат.