«Өкмөттүк акселераторлор» программасы. Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

Министрлер кабинети 20 Август 2025 11:20
68a474825a4ac-thumb.jpeg
68a4748a8a046-thumb.jpeg
68a4748b4cf5e-thumb.jpeg
68a4748b8a80d-thumb.jpeg
68a4748901109-thumb.jpeg
68a4747b450e2-thumb.jpeg
68a4747ba53aa-thumb.jpeg
68a4747c10840-thumb.jpeg
68a4747de7bb8-thumb.jpeg
68a4747ee3d48-thumb.jpeg
68a4747f7853c-thumb.jpeg
68a47483c5005-thumb.jpeg
68a47486b6ddc-thumb.jpeg
68a474825a2c4-thumb.jpeg
68a474857bd21-thumb.jpeg
68a474889da41-thumb.jpeg
68a4748732bb5-thumb.jpeg
68a47480632e9-thumb.jpeg
68a47481269af-thumb.jpeg
68a4748461404-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68a474825a4ac-thumb.jpeg
68a4748a8a046-thumb.jpeg
68a4748b4cf5e-thumb.jpeg
68a4748b8a80d-thumb.jpeg
68a4748901109-thumb.jpeg
68a4747b450e2-thumb.jpeg
68a4747ba53aa-thumb.jpeg
68a4747c10840-thumb.jpeg
68a4747de7bb8-thumb.jpeg
68a4747ee3d48-thumb.jpeg
68a4747f7853c-thumb.jpeg
68a47483c5005-thumb.jpeg
68a47486b6ddc-thumb.jpeg
68a474825a2c4-thumb.jpeg
68a474857bd21-thumb.jpeg
68a474889da41-thumb.jpeg
68a4748732bb5-thumb.jpeg
68a47480632e9-thumb.jpeg
68a47481269af-thumb.jpeg
68a4748461404-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында реформаларды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул программанын алкагында 4 багыт боюнча реформалар жүргүзүлдү, алардын ичинде: айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон медициналык маалымкатты алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; ири габариттүү жана оор жүк ташуу үчүн атайын уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; майыптыгы бар адамдар үчүн медициналык-социалдык экспертиза, реабилитациялоо жана абилитациялоо процесстерин санариптик чечимдер аркылуу жөнөкөйлөтүү; курулушка уруксат берүү процессин жөнөкөйлөтүү.

Министрлер кабинетинин башчысы жыйынга катышкандарга ыраазычылык билдирип, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.

«Биздин президентибиз ар дайым ар бир маселе тез, сапаттуу жана натыйжалуу чечилиши керектигин айтып, эскертип келет. Бүгүн биз сөз эмес, иш далил болгон жаңы доордун күбөсү болуп жатабыз. Эски ыкмалар артта калып, татаал жана чаташкан системалар өзгөрүп жатканынын башкы далили – биздин өлкөдө күнү-түнү иштеген, сиздер сыяктуу жан дили менен иштеген кызматкерлердин саны барган сайын көбөйүп жатат. Жыйынтыктар муну ачык көрсөтүп турат. Ар бир аткарылган иш – бул биздин өлкөнүн жана элибиздин жаркын келечегине карай кадам. Ар бир жүргүзүлгөн реформа мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Биздин башкы максатыбыз – жарандарыбызга өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгын бүгүн эле реалдуу жашоодо көрсөтүү. Ар бир өзгөрүштүн артында кимдир бирөөнүн тынымсыз эмгеги, ишке берилгендиги жана жоопкерчилиги турат. Командалар ынтымактуу иштеп, натыйжалуулукту көрсөтүп, коюлган максаттарга жетишти", - деди ал.

Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын жүргүзүлгөн ишти координациялоодогу жана колдоодогу маанилүү ролун белгилеп, алдыда реформаларды жүргүзүүнү талап кылган дагы көптөгөн милдеттер бар экенин кошумчалады.