Көмүскөдөн чыккандарга жашыл жарык. Ишкерлердин салык жүгү жеңилдеди

Экономика Загрузка... 13 Январь 2026 18:22
WhatsApp Image 2026-01-13 at 18.17.02.jpeg

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы экономикалык реалдуулук калыптанууда. Бийлик бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн мүмкүн болушунча түшүнүктүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулууда. Айрым секторлордун өнүгүүсүнө тоскоол болгон ашыкча административдик жана каржылык жүктөм жеңилдөөдө.

Эксперттер белгилегендей, өлкө жетекчилиги өндүрүштү кеңейтүүгө, техникалык жана технологиялык кайра жабдууга кошумча стимулдарды түзүүгө, ошондой эле ата мекендик компаниялардын продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү реформаларды улантууда.

Президент Садыр Жапаров салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Олуттуу жеңилдиктер тигүү жана зергерчилик тармактарын, ошондой эле унаа өнөр жайын колдоого багытталган. Бул тармактар мурда абдан бюрократияга батып, салыктан баш көтөрө албай келгендиктен, ишканалар жумушчу орундарды кыскартуу же биротоло жабылып калуу маселесинин алдында турушкан. Бул оңой эмес учур болгонун экономика жана ишкердик чөйрөсүндөгү эксперт Сергей Пономарев баса белгилейт.

“Буга чейин зергерчилик менен алектенген ишкерлерди сатуудан алынуучу салыктан бошотуу боюнча айтылган маселелердин баары эске алынды. Мындан тышкары, реэкспортто салык карыздарын эсептен чыгаруу каралууда. Бул өтө маанилүү жагдай, анткени бул жүктөм көпчүлүк үчүн өтө оор болуп, ишканалар жабылып, кызматкерлерин таратып жиберүүгө аргасыз болмок. Кыргызстанда алтын өндүрүлүп, зергерлердин аны алууга мүмкүнчүлүгү болсо да, Кыргызстандын экономикасы бул тармактан ажырап калышы мүмкүн эле.

Ошондой эле мурда импорттолгон же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын калдыктарын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилип жатканы өтө маанилүү. Бул процесс 2 айдын ичинде ишке ашырылышы зарыл жана каралган убакыт аралыгында салыктык текшерүүлөргө тыюу салынат.

Башкача айтканда, ишкердиктин барын нөлдөн, таза барактан баштап, мамлекетке, калкка жана ишкерлердин өзүнө да пайдалуу болгон ачык-айкын өндүрүш жана сатуу чынжырчасын түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар”, - дейт Сергей Пономарев.

WhatsApp Image 2026-01-13 at 18.17.02 (1).jpeg

Мамлекет ачык иштөөгө жана көмүскөдөн чыгууга даяр болгондор үчүн шарттарды түзүүдө. Зергерлерге берилген жеңилдиктер ишкердик үчүн ачык билдирүү катары көзөмөл жазалоочу эмес, өнөктөштүк мүнөзгө өтүүдө. Алгач тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк берилип, андан кийин чектөөлөр белгиленет. Тигүү жана текстиль тармактары үчүн да олуттуу колдоо чаралары каралган.

“Биздин тигүүчүлөр үчүн орточо эмгек акынын 1% өлчөмүндө минималдуу киреше салыгы белгиленип жатканын өзгөчө белгилеп кетким келет. Азыр тигүү тармагында иштегендер үчүн оор мезгил. Бул колдоо чарасы алар үчүн абдан зарыл эле. Учурда товарларды жөнөтүүдө жана чек арадан өткөрүүдө белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Бирок, биз 200 миңдей жумушчу оруну бар бул тармакты сактап калышыбыз керек. Ошондуктан мындай кыйын учурда бардык колдоо маанилүү.

Азыр фабрикаларды жана цехтерди мүмкүн болушунча сактап калуу, аларды иштөө режиминде калтыруу маанилүү. Эгер аларды кайрадан иштетүүгө туура келсе, бул алда канча кымбатка турат. Келечекте салык жеңилдиктери заманбап жабдыктарды жана машиналарды сатып алуу үчүн бизнеске каражат топтоого мүмкүндүк берет. Бул дагы ата мекендик тигүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүндө маанилүү ролду ойнойт”, - дейт Пономарев.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” агенттигине берген комментарийинде мамлекет экономикалык процесстердеги өз ролун кайра карап чыгып, салык салууга болгон мамилесин өзгөртүп жатканына токтолду.

WhatsApp Image 2026-01-13 at 18.17.02 (2).jpeg

"Тигүү жана текстиль тармагы боюнча чечим өзгөчө маанилүү. Киреше салыгы болгону 1% болуп, камсыздандыруу төгүмдөрү түшүнүктүү жана бирдиктүү болгондо, расмий түрдө ишке орношуу "конверттерге" караганда пайдалуу болот. Иш берүүчүгө чынчылдык менен төлөө оңой, ал эми жумушчуга расмий стаж жана социалдык коргоо менен жашоо тынчырак. Бул тармакта көп сандаган аялдар иштегендиктен, анын таасири экономика менен эле чектелбестен, бул социалдык туруктуулукту жана эмгекти сыйлоону билдирет”, - дейт Төлөнбек Абдыров.

Бул мыйзам бизнестин "дем алуусун" жеңилдетүүгө багытталган. Мамлекет көптөгөн тармактарда салыктар менен эрежелер адамдарды көмүскөгө түртүп келгенин моюнга алууда. Эми бул мамиле өзгөрүүдө.

"Жабдууларга, технологияларга жана материалдарга кошумча нарк салыгы (КНС) алынып салынганда, бул дароо кирешеге таасир этет. Продукциянын өздүк наркы төмөндөйт, демек, бааны төмөндөтүүгө же сапатка жана жаңы технологияларга акча салуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Көпчүлүк үчүн бул ишмердүүлүгүн жашырбай, салыктар бардык кирешени "жеп" салат деп коркпой, ачык-айкын иштөөсү үчүн берилген мүмкүнчүлүк. Негизги мунун мааниси абдан жөнөкөй: эгер сиз таза, чынчыл иштөөгө даяр болсоңуз, мамлекет сизди ал үчүн жазалабайт.

Автоунааларды сатуудагы салыктан бошотуу жана реэкспорт боюнча эски карыздарды кечүү - бул негизинен өткөнгө мунапыс берүү. Көптөгөн адамдар жана компаниялар жылдап карыз, мүмкүн болгон чегерүүлөр, текшерүүлөр коркунучу менен жашап келишкен. Эми мамлекет: “Келгиле бул баракты жаап, баарын жаңыдан баштайлы" деп жатат. Бул коркунучту азайтып, рынокту жандандырат жана адамдарга эртеңки күнгө ишеним берет.

Мүлкүн ижарага бергендер же өз алдынча иштегендер үчүн камсыздандыруу жүгү азаят. Бул жашырынганга караганда, мыйзамдуу иштөө жеңилирек жана арзанырак болот дегенди билдирет. Мында иш кагаздары, салык төлөөдөгү карама-каршылыктарды жаратуучу себептер азырак болуп, түшүнүктүү эрежелер көбүрөк болот. Мамлекет "Биз силерди майда-чүйдө үчүн кармагыбыз келбейт, мүмкүнчүлүгүңөргө жараша төлөмдү төлөп, тынч иштешиңиздерди каалайбыз" дегендей болууда", - деп сөзүн жыйынтыктады Абдыров.

Эксперттер белгилегендей, бул мыйзам - жеңилдиктерди берүү жөнүндө эмес, ишкерге болгон мамилени өзгөртүү жөнүндө. Мамлекет өнүгүүгө тоскоол болгон жерлерде салыктарды азайтып, эски каталарды кечирет, ошондой эле көмүскөдөн чыгууну кубаттоо менен өндүрүшкө, иш менен камсыздоого жана экспортко басым жасайт.