КМШнын тышкы иштер министрлеринин кийинки жыйыны Калининградда өтөт

Тышкы саясат Загрузка... 10 Октябрь 2025 10:10
Без названия.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйыны Калининград шаарында өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Россияда өтө турган жыйын 2026-жылдын 17-апрелине белгиленди.

Мындай чечим Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Бул ирет жыйын Тажикстандын Душанбе шаарында болду. Ага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да катышты.