ӨКМге радиоактивдүү заттарды ташуучу унаа тапшырылды

571 11 Февраль 2025 17:49
476356870_1023641646475228_834040349083084174_n.jpg
475768999_1023636953142364_7422914926301345042_n.jpg
475916986_1023636879809038_4737097681469139839_n.jpg
476603012_1023641139808612_4654640483556243225_n.jpg
476610007_1023636626475730_8676272221068988104_n.jpg
476611024_1023636756475717_586309620454410545_n.jpg
476642553_1023636899809036_435971298736110857_n.jpg
476765837_1023636669809059_4306199124656445306_n.jpg
476797946_1023636866475706_5902414821612919638_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бүгүн Республикалык адистештирилген комбинаты мамлекеттик мекемесине радиоактивдүү заттарды ташууга багытталган ISUZU NQR 90 L үлгүсүндөгү адистештирилген унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тапшыруу аземине өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, президентинин администрациясынын башкы эксперти Гүлүмкан Бектурова жана министрликтин өздүк курамы катышты.

Жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннаны түзгөн бул унаа радиоактивдүү калдыктарды атайын контейнерде ташуу үчүн колдонулуп, зыяндуу заттарды коопсуз алып өтүүдө зарыл элементтер менен жабдылган.

Унааны тапшырып жатып сөз сүйлөгөн башкы эксперт аталган техника Кыргызстанга Атомдук Энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) аркылуу АКШнын Энергетика министрлиги тарабынан гуманитардык жардам катары келгенин билдирди.

Өз кезегинде Азамат Мамбетов өлкө аймагында радиактивдүү материалдарды, медицина тармагындагы химиялык зыяндуу заттарды ташып-көмүүдө белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу менен Республикалык адистештирилген комбинаттын иштөө шарттарын жеңилдетүүгө өбөлгө түзүлгөнүн белгиледи.