Баткендеги 9 айыл өкмөткө экскаватор жана жүк ташуучу атайын техникалар тапшырылды

Аймак 1404 25 Февраль 2025 20:00
480574919_1173692224124231_5412083634992736792_n.jpg
481279880_1173692220790898_5164420185233800770_n.jpg
481665038_1173692117457575_3191743892681067144_n.jpg
481210149_1173692107457576_3257265775022544661_n.jpg
481156516_1173692104124243_5360891132910559495_n.jpg
480576250_1173691990790921_359329069353226760_n.jpg
481022587_1173691987457588_8421272047346580221_n.jpg
481153554_1173691980790922_8109114286660541890_n.jpg
480724201_1173691880790932_7502056857533658764_n.jpg
481078852_1173691874124266_390221661218718885_n.jpg
480577999_1173691877457599_8278577236502395987_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Баткендеги 9 айыл өкмөткө экскаватор жана жүк ташуучу атайын техникалар тапшырылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрлер кабинети менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоору ишке ашырылууда.

Ага ылайык, Баткен облусунун 43 айылын таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

Техникалар ушул долбоорго кирген айылдардагы таза суу муниципалдык ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана курулган суу системаларынын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында берилди. Техникалардын жалпы баасы 558 миң АКШ долларын түзөт.

Техникаларды алган айыл аймактары:

- Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Масалиев, Молдо-Нияз жана Исхак-Полотхан айыл аймактары;

- Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактары;

- Лейлек районунун Сумбула жана Кең-Талаа айыл аймактарындагы таза суу ишканалары.