ӨКМ: Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттер изделүүдө

36 17 Август 2026 13:57
53a093d557e9a945622.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Алай районундагы Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө иштери аба ырайынын шарттарына жараша жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кабар" агенттигине билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, 16-августта издөө иштеринин жүрүшүндө альпинисттерге таандык бут кийим табылган. Буга чейин алардын рюкзагы, уктоочу баштыгы жана башка жеке буюмдары да табылган.

"Ошол эле учурда ӨКМ альпинисттердин сөөгү азырынча табыла электигин билдирди. Издөө иштери жүргүзүлүп жаткан аймактын бийиктиги жана кооптуулугу, ошондой эле чокудагы муздун эришине байланыштуу тобокелдиктер эске алынып, иштер убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Ведомствонун маалыматына ылайык, издөө иштеринин кийинки этабын өткөрүү үчүн атайын топ түзүлүп, анын курамы жана иштөө мөөнөтү аныкталат. Экинчи этапты өткөрүү мөөнөтү дайынсыз болгон альпинисттердин жакындары менен макулдашылат. Алдын ала маалымат боюнча, издөө иштерин августтун аягында же сентябрда улантуу пландалууда.

ӨКМ 16-августтагы издөө иштери аяктагандан кийин куткаруучулар Корумду чокусунан Сары-Таш айылына түшүрүлгөнүн билдирди. Алар менен бирге издөө иштеринде колдонулган техника-жабдуулар жана дайынсыз болгон альпинисттердин жакындары да жеткирилген.

Ошол эле учурда БелТА агенттиги Беларусь альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевскийге шилтеме жасап, дрондун жардамы менен тоо боорун изилдөө учурунда адамдын сөөгү байкалганын жазды. Ал дайынсыз болгон альпинисттер болушу мүмкүн деген божомол айтылган.

Анын айтымында, 16-августта эртең менен дрон менен издөө маалында кар-таш көчкү түшкөн жер аныкталган. Видеоматериалдарды талдоодо мурда табылган буюмдардын жанынан адамдын сөөктөрү байкалган.

БелТАнын маалыматына караганда, топ үч альпинисттен турган, алардын экөө Беларустун жарандары. Алар Корумду чокусуна чыккан соң байланышка чыкпай калган. Аларды издөө үчүн Кыргызстандын жана Беларустун өкүлдөрүнөн турган биргелешкен штаб түзүлгөн.