Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Биз планетабыз алдындагы өз жоопкерчилигибизди сезип, жашоо нугун жашыл жакка буруу менен жаратылышка терс таасирлерди болушунча азайтуубуз керек. Себеби, жаратылышты коргогонубуз бул - өзүбүздү коргогонубуз. Мындай пикирин Экономика илим изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери, эколог Анара Султангазиева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө глобалдык жылуулук 1,2°С ашкан, эгер ушул кылымдын аягына чейин 3,5°С жетсе жашоого мүмкүн болбогон кыйын кырдаал жаралат.

“Учурда климаттын өзгөрүлүп жатканын ар бирибиз сезип жатабыз. Ар бир 3 жыл сайын күндүн ысышы жогорулап баратат. Мисалы, 2016-жылы Арктикада 14,5°С күн жылып рекорд болсо, 2021-жылы ошол рекорд 18°С жеткен. Дүйнө жүзүндөгү температуранын орто эсеби 14°С болгон, бул да рекорддук көрсөткүч.
Климаттын өзгөрүүсүнө эң башкы күнөөкөр жер жүзүндөгү адамдар. Техногендик, антропогендик таасирлер, биздин жашоо тиричилигибиз, табигый ресурстарды колдонуу, одоно табиятка тийгизген терс таасирлердин бардыгы климаттын ысышына алып келүүдө. Мында мөңгүлөр ээрип, суу ресурстары жетишпей, айыл чарбасы, экономика негизгиси айланып келип, кайра эле адамдардын өзүнө терс таасири тийүүдө”,- дейт эколог.

Ошондой эле эколог климаттын өзгөрүүсүнө, глобалдык жылуулукка алып келген негизги себепке токтолуп, анда Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн үлүшү аз болсо да, көбүрөөк жабыркап жаткандыгын белгиледи.
“Кыргызстандын аянтынын 95 пайызын тоолор ээлейт. Ушул тоолордун арасындагы биздин бардык иш-аракетибиз, жашоо-тиричилигибиз буу эммисиясын же көмүр кычкыл газын берет. Асманга күнүгө ар бир секунда сайын дүйнө жүзүндө канча бир трлн тонна көмүртектин эммисиясы асманга бөлүнүп чыгат. Ал чогулуп отуруп толуп, капкак сыяктуу жерди каптап калат. Ошол капкактан муздак аба өтпөй жер ысып жаткан болот. Жалпак тил менен айтканда, климаттын өзгөрүшү ушундай жүрүүдө. Бирок, Кыргызстандын көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруудагы дүйнөлүк үлүшү 0,33 пайызды эле түзөт. Анткени, бизде өнүккөн өлкөлөрдөй өндүрүш өнүккөн эмес, мал, айыл чарбачылыгы жана башка чакан, орто эле өндүрүштөр бар. Ири өнүккөн өлкөлөрдөй зыяндуу заттарды көп көлөмдө бөлүп чыгарган чоң завод-фабрикалар бизде жок. Ошондой болсо да климаттын өзгөрүп ысышына тоолуу өлкөлөр абдан аярлуу келебиз. Зыян келтирип жаткан мамлекеттерге караганда, биз сыяктуу тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнөн көбүрөөк жабыркайбыз. Ошондуктан өнүккөн мамлекеттер БУУнун климаттык фонддоруна көбүрөөк каражат бериши керек. Абаны ким көбүрөөк булгаса ошолор көбүрөөк акча ортого салууга милдеттүү. Ошол каражаттар жабыркап жаткан, аярлуу, муктаж болгон мамлекеттерге бөлүштүрүлүп берилиши керек. Бирок, каражат бөлүштүрүлүп жатканда ошол эле каражат берген мамлекеттер эбин таап берген акчаларды кайра өздөрүнө кайтарып алышууда. Ошондуктан президент Садыр Жапаров акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун конференцияларына (COP) катышып, тоолуу мамлекеттерге көңүл бургула, өзүнчө фонд ачып бергиле деп айтууда”,- деди Анара Султангазиева.
Ошондой эле дүйнөлүк океан, дениздер асманга чачыраган көмүр кычкыл газынын эмиссиясынын 60 пайызын өзүнө тартып алса, ал эми бизде тоо эко системасы зыяндуу газдарды тартып алып, климаттын жылыган ылдамдыгын азайтып, салкын аба берерин эколог кошумчалады.