Климаттын өзгөрүшү - бүгүнкү күндө эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Табигый кырсыктардын коркунучун жогорулаткан аба ырайы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери болуп саналуу менен глобалдуу мүнөзгө ээ. Буга байланыштуу чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгы жаралууда. Бул ирет "Кабар" агенттиги климаттын өзгөрүшүнө карата Кыргызстандын жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу айтып берет.

Кыргызстандагы Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту геодинамика, геокатастрофа, климат, суу, геоэкология, ресурстарды колдонуу жана коргоо багыттары боюнча илимий изилдѳѳлѳрдү жүргүзүп келет. Институттун маалыматына ылайык, акыркы 60 жылда Кыргызстанда абанын температурасы 1,2° дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогорулап, бул өз кезегинде суунун тартыштыгына жана табигый кырсыктардын тобокелдигинин жогорулашына алып келген. Климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөрдүн эриши олуттуу глобалдык көйгөйгө айланды. Акыркы 20 жылда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды камтыган Батыш Тянь-Шандагы мөңгүлөр 27%га кыскарды. Антарктида жыл сайын орто эсеп менен 150 млрд тонна, Гренландия 270 млрд тонна муз жоготууда. 14 миң мөңгүнүн миңден ашыгы эрип кеткен.

Мөңгүлөр планетанын климатын калыптандырууда жана миллиарддаган адамдарды таза суу менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Бирок глобалдык жылуулуктан улам алар тез эрип жатат. Бул көйгөйгө көңүл буруу үчүн Бириккен Улуттар Уюму Тажикстандын демилгеси менен 2025-жылды Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылы деп жарыялады.
БУУнун маалыматына таянсак, дүйнөдө 275 миңден ашык мөңгү бар, алар 700 миң чарчы чакырымга жакын аянтты ээлейт. Мөңгүлөр дүйнөдөгү таза суунун 70 пайызга жакынын сактайт. Мөңгүлөрдү сактоо экологиялык жана экономикалык туруктуулук үчүн маанилүү.

Кыргызстандай эле уникалдуу ресурстарга ээ болгон тоолуу өлкөлөр бир эле учурда ушул процесстердин таасирине дуушар болуп жатат. Буга байланыштуу 2000-жылдардын башынан тартып Кыргыз Республикасы БУУнун алкагында ырааттуу кадамдарды жасап, тоолорду туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө тоо маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди жасап келет. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган.

24-апрелде Бишкек шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо” эл аралык конференция да ушул беш жылдыктын алкагында өткөрүлдү.
- Жашыл энергетиканы өнүктүрүү
Кыргызстанда акыркы 4 жылда тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздоого багытталган 18 чакан ГЭС ишке киргизилди. 2025-жылы дагы 10дон ашык ГЭСти куруу пландалууда.
Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте "Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу" долбоорун жүзөгө ашыруу иштери башталды.
- Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү
Темир жана автомобиль жолдорун куруу, ички аба каттамдарын өнүктүрүү аркылуу тоолуу райондорду шаарлар менен байланыштыруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
- Тоолуу аймактарды жашылдандыруу.
Өлкөдө токой аянттарын көбөйтүү боюнча "Жашыл мурас" улуттук программасы ишке ашырылууда. Бул парник газдарынын чыгындыларын өздөштүрүү потенциалын жогорулатууга багытталган. Программанын алкагында жыл сайын 8 миллионго чейин бак-дарактар отургузуу мерчемделген.
- Санариптештирүүнү өнүктүрүү
Алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн санариптик мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде Самарканд шаарында өткөн “Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана алардын мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айлануу байкалып жатканын белгилеп, жыл сайын алардын саны жана масштабы өсүп жатканын айткан.
“Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га азайды, ал эми 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн. Бул көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн активдүү программасын жактайт. Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарыбызга ылайык, биз “адаттагыдай бизнес” сценарийи боюнча 2030-жылга карата чыгындыларды 16%га, ал эми эл аралык колдоо менен 44%га кыскартууну пландап жатабыз.
Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, газдаштыруу аркылуу көмүрдү пайдаланууну азайтуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдө жылуулук жоготууларды кыскартуу, ошондой эле шаарларда жылуулук тутумун жакшыртуу аркылуу көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландаштырып жатабыз”, - деп белгилеген президент.
"Тоолор беш жылдыгынын" алкагында бир катар негизги иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
2026-жылы - Нью-Йоркто саммит,
2027-жылы - "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммити, анда жыйынтыктар чыгарылат жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча мындан аркы кадамдар аныкталат. Мындан улам Садыр Жапаров өлкөлөрдү бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырып, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу БУУнун негизги принциптеринин бири – "Эч кимди артта калтырба" деген принципке туура келерин билдирген.
"Кабар" агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашкандай, учурда “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу чөйрөсүндөгү саясатты мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын талдоо жана иштеп чыгуу жүрүп жатат.
"Январь айында климаттын өзгөрүүсүн окутуунун артыкчылыктары программасын жана индикаторлор, натыйжалар жана каржылоо механизмдери камтылган иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча иштер башталды. Кызыккан тараптар менен консультациялар уланууда. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасына климаттын артыкчылыктарын интеграциялоо боюнча мамилелер макулдашылууда.
Министрлик Кыргыз Республикасынын БУУнун алкагында Бонн сессияларына катышуусуна даярдык көрүү, анын ичинде тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча тематикалык кошумча иш-чараны уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул процесстин алкагында министрлик иш-чараны өткөрүүгө арыз берип, ал расмий тастыкталган. Даярдыктарды координациялоо белгиленген тартипте, анын ичинде Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы менен биргеликте ишке ашырылат", - деп белгиледи мекеме.
Ошондой эле министрлик Азия өнүктүрүү банкынын “Мөңгүдөн чарбага” (G2F) демилгесинин алкагында суу менен камсыздоо, ирригация, агротокой чарбасы, жайыттарды башкаруу, энергияны үнөмдөө, туруктуу айыл чарбасы жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча 12 долбоордук сунуш киргизилгенин айтты.
Долбоорлор өлкөнүн экологиялык жана климаттык артыкчылыктарын эске алуу менен тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык каржылоону тартуу максатында иштелип чыккан.