Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган. Тоолор беш жылдыгына ылайык, алдыда дагы бир катар негизги иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. Атап айтсак, 2026-жылы Нью-Йоркто пре-саммит болот. 2027-жылы Бишкек+25 экинчи глобалдык тоо саммитин Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Эске салсак, биринчи саммит 2002-жылы Эл аралык тоо күнүнүн алкагында Бишкекте уюштурулган.

“Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрайымы, эколог Анара Султангазиеванын айтымында, бул жолку саммитте жыйынтыктар чыгарылып, тоо экосистемаларын сактоо боюнча мындан аркы кадамдар аныкталат.

“Экинчи саммитте биринчи саммитте мерчемделген көп иш-чаралардын аткарылышына саресеп салынып, каралат. Кийинки жылдарга коюла турган пландар, сунуштар талкууланат. Буга тоолуу өлкөлөр гана эмес, ири уюмдар, эл аралык каржы институттары да катышат”, - деди ал.
Беш жылдыктын планынын негизинде БУУга мүчө мамлекеттер тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда. Кыргызстанда тоолор беш жылдыгынын алкагында жашыл энергетика, транспорттук инфраструктура, тоолуу аймактарды жашылдандыруу, санариптештирүүнү өнүктүрүү, калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жана элдин жашоо шартын жакшыртуу багыттарында иштер аткарылып жатат.

Анара Султангазиева белгилегендей, дүйнө жүзүнө климаттын өзгөрүшү өз кедергисин тийгизүүдө. Мындан улам дүйнө коомчулугу бул маселени биргеликте чечүү максатында натыйжа алып келе тургандай чараларды көрүүгө аракет жасоо менен алек.
“Акыркы жылдары табигый кырсыктардын байма-бай катталышы, суунун деңгээлинин көтөрүлүшү, кургакчылык, ошол эле маалда жаан-чачындын көп жаашы байкалып жатат. Бул маселелер албетте, азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизбей койбойт. Биз 2023-жылы Нарын, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарында изилдөө өткөргөнбүз. Сурамжылоодо адам саламаттыгына аба ырайынын өзгөрүшү терс таасирин тийгизип жатканы айтылган. Ошондуктан климаттын өзгөрүшү чынжыр сымал бардык тармактарды камтып, бири-бири менен байланыштырып, комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылып жатканын көрүп жатабыз. Саммит мына ушул көйгөйлөрдү чогуу-чаран кароого аянтча болуп берет ”, - деп айтты эколог.

Климаттын өзгөрүшүндө тоо экосистемаларынын ролуна маани берилүүдө. Мөңгүлөрдү сактоо орчундуу маселелердин да катарын толуктап калды. Бул үчүн тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө финансылык колдоо көрсөтүү керектигин адистер белгилеп келет.
“Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарына болгон мүмкүнчүлүктөрүн эми гана пайдалана баштады. Мисалга алсак, Европа мамлекеттеринде жашыл энергетиканы өнүктүрүү жакшы жолго коюлган. Биз аларга окшоп жашыл технологияларды пайдаланууну мындан ары да өнүктүрүшүбүз керек. Каражаттар ушул багытка дагы да көп жумшалышы зарыл”, - деп эсептейт Анара Султангазиева.