Тоо экосистемалары глобалдык климаттын өзгөрүшүнө туруштук бере албайт. Жерди каптаган ысык толкундар жана узакка созулган кургакчылык мөңгүлөрдүн аянттарын кыскартып, натыйжада суу ресурстарынын азайышына алып келүүдө. Борбордук Азия үчүн суунун жетишсиздиги гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун төмөндөтүп, региондун азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу болгон айыл чарба өндүрүшүнө терс таасирин тийгизип келет.
Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан эл аралык климаттык конференция глобалдык жылуулуктун терс кесепеттерин жоюуга жардам бере турган чечимдерди табууга багытталган. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде тоолуу аймактар үчүн 1-2 градуска чейин жылыш канчалык кыйратуучу болушу мүмкүн жана олуттуу өзгөргөн жаратылыш факторлоруна ыңгайлашуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди.

- Климаттык күн тартибине келсек, эксперттер көп жылдардан бери бүтүндөй Борбор Азиядагы жана анын ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн ыкчам эриши тоо экосистемасына коркунуч туудурган кайтарылгыс процесстерди жаратышы мүмкүн экенин айтып келишет. Бул абал канчалык олуттуу жана илимий чөйрөнүн өкүлү катары аны кандай мүнөздөйт элеңиз?
- Бизди климаттын тез өзгөрүшү жана суу ресурстарынын абалы абдан тынчсыздандырат. Мисалы, эки мезгилди алсак 1931-1960-жылдар менен 1961-1990-жылдары Кыргызстандын бүткүл аймагында 100 жылга эсептелген орточо жылдык температура 20-кылымда 1,6 цельсий градуска жогорулаган. Ал эми 21-кылымдын башында андан да жогору болгон. Климаттын эң чоң жылышы кышында (2,6 градус), эң азы жайында (1,2 градус) байкалган. Тилекке каршы, температуранын жогорулашы өзүнүн кокустук термелүүлөрүнүн чегинен чыгып кеткендигин жана глобалдык жылуулуктун туруктуу тенденциясы байкалат.

Мындан сырткары, суу агымынын көлөмү көбөйүүдө. Муну жакшы көрүнүш катары кабыл алса болот. Бирок, бул эмне себептен болуп жатканын карап көрсөк, абал такыр эле жагымдуу эмес болуп чыгат. Себеби, суунун агымынын мындай көбөйүшү мөңгүлөрдүн тез эриши менен гана байланыштырса болот. Эгерде 1965-1974-жылдары Кыргызстанда жалпы аянты 8 миң 107 чарчы километр болгон 7 миң 628 тоо мөңгүлөрү болсо, азыр аянты 6 миң 336 чарчы километрди түзгөн 5 миң 237 гана мөңгү бар. Башкача айтканда, бул жылдары түбөлүк мөңгү делген аймак 20 пайызга кыскарган. Бул абдан чоң жана орду толгус жоготуу. Албетте, өтө терс кесепеттерге алып келет.
Температуранын жогорулашынан улам жапыз жерлерде жайгашкан өрөөн мөңгүлөрү тездик менен кыскарууда. Алардын жок болуп кетүү ыктымалдыгы өтө жогору. Ал эми деңиз деңгээлинен 4 миң метр жана андан жогорку бийиктиктеги тоолордо (Борбордук Тянь-Шань, Хан-Теңири чокусу) климаттын катаалдыгынан мөңгүлөрдүн эрүүсү жай жүрөт.
Дарыялардын агымы дагы бир 15-20 жылга чейин көбөйүп, андан кийин азая баштайт. Ошондо калкы эң көп жана экономикалык жактан маанилүү Чүй, Фергана, Ысык-Көл сыяктуу өрөөндөрдү азыктандырган дарыялардын агымынын азайышы өзгөчө коркунучтуу болот. Ушундай эле көйгөйлөр менен жакында бардык Борбор Азия өлкөлөрү туш болушат. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы стабилдүүлүккө жана жашоого 2050-жылга чейин ичүүчү жана сугат суунун катуу тартыштыгы негизги коркунуч болуп калат.
- Албетте, суунун тартыштыгы эгин аянттарынын кыскарышына алып келет. Бул салттуу жашылча-жемиштерге бай аймак азык-түлүк коопсуздугу маселесине туш болот дегенди билдирет. Азыр да тамчылатып сугаруу ыкмасы акырындык менен айыл чарба тармагына киргизилип, суунун коромжу болушун азайтуу үчүн каналдар, арыктар бетондолуп жатат. Бүткүл аймакты жана Кыргызстанды климаттын олуттуу чакырыгына ыңгайлаштыруу үчүн дагы эмне кылуу керек?
- Сугат дыйканчылыгы басымдуулук кылган шартта биздин кургак аймактарыбызда азык-түлүк коопсуздугу көйгөйү келип чыгат, анткени Борбор Азияда керектелүүчү таза суунун 90 пайызы айыл чарбасына жумшалат. Азыртадан эле глобалдык жылуулуктан улам айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн байкай алабыз. Терс фактор катары абанын температурасы ансыз деле ысык болгон аймактарда көтөрүлүп жатат.
Мына ушуга байланыштуу айыл чарба илиминин алдында жаңы шарттарга ылайыкталган, кургакчылыкка чыдамдуу сортторду чыгаруу милдети турат. Кыргызстанда кургакчылыкка чыдамдуу ата мекендик селекциянын эмгеги менен чыгарылган Асыл, Тилек, Кыял сорттору сыяктуу күздүк будайлар, Аракет, Касиет, Данк - жаздык буудайлар, Интенсивдүү, Жамин - факультативдик буудай бар. Ал эми Адыр, Кайрак, ЭХОЛ сортторун кайрак жерлерге айдаса болот.

Орус селекциясынын буудай сортторунун кемчилиги кургакчылыкка жакшы туруштук бере албагандыгы жана туруксуз түшүмдүүлүгү болуп саналат. Казак селекциясынын сортторунун түшүмдүүлүгү азыраак. Бир сортту жаратуу үчүн 8-10 жыл керектелет, бирок биз иштеп чыккан сорттор 40 жылга чейин жашайт, мисалы интенсив жана башкалар. Чет өлкөлүк сорттор көбүнчө 3-4 жылдан кийин бузулат. Ошондуктан биздин дыйкандарды жана кооперативдерди Кыргызстандын шартында өстүрүлгөн ата мекендик сорттордун сапаттуу үрөндөрү менен камсыз кылуу зарыл. Мамлекеттик бюджеттен эбегейсиз каражат сарптап, сырттан келген үрөндөрдүн колдонуунун кажети жок.
Биздин окумуштуулар эл аралык айыл чарба илимий борборлор менен кызматташуусу маанилүү. Мисалы, Сириянын кургакчыл жерлеринде жайгашкан ICARDA менен бирдикте дан эгиндеринин 70 центнерден түшүмүн камсыз кылган күздүк арпанын «Адел» сортун жараттык.
- Демек, сапаттуу селекция менен үрөнчүлүк климаттык чакырыктарга жооп болушу мүмкүнбү? Же башка ыкмалар барбы, балким, жерлерди туура которуштуруп айдоо керек?
— Биздин республикада кайрак жерлердин аянты бардык айдоо аянттарынын 40 процентин түзөт. Мындай кургак жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги жолдору болуп кылкан дандуу дан эгиндери менен топуракты бууландыруу ыкмасын которуштуруп туруу эсептелет. Мындай учурда таза бууландыруу жалпы которуштуруп айдоо аянтынын 20% пайызынан кем болбошу зарыл. Кыртышты таза бууландыруу деген бул айдоо жеринин бир талаасына бир жыл бою бир дагы өсүмдүктү сеппей, топуракты эс алдыруу жана бош талаанын культиватор малалар менен үзгүлтүксүз жумшартып, отоо чөптөрдөн таза кармоо дегенди түшүндүрөт. Ошондо гана талаада нымдуулук сакталып, азот жакшы топтолот.
Мындай жерге эгилген күздүк буудайдын түшүмү гектарына 5—10 центнерге жогорулайт. Азыр буурчак өсүмдүктөрүнүн: соя, чина жана вики буурчактары, нокоттун которуштуруп айдоолорун үйрөнүү боюнча эксперименттер жүргүзүлүп жатат. Нымдуулуктун жетишсиздигинде мына ушундай ыкманын артыкчылыгы өтө зор. Ал эми кайрак жерлердеги жаан-чачындын шарттарында буурчактар менен алмаштырууга боло тургандыгы мурда эле далилденген.
Жалпысынан алганда, Кыргызстандын глобалдык климаттын өзгөрүшүнө кошкон салымы анчалык деле чоң эмес. Биринчиден, аянты боюнча республика чоң эмес. Экинчиден, өнөр жайы анчалык өнүккөн эмес, электр энергиясынын өндүрүүсү негизинен суу ресурстарына таянат. Бирок Кыргызстан эң тоолуу өлкө болгондуктан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жапыр тартып калуу индекси боюнча биринчи орунда турат.