Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз балык уулоого каршы чараларды күчөтүүгө чакырып, акыркы үч жылда көлдөрдөн 5 700 чакырымдан ашык синтетикалык тор алынганын белгиледи. Бул көйгөй көлдөрдүн экологиялык абалына түздөн-түз зыянын тийгизип, балыктар менен канаттуулардын жок болушуна, жалпы биоартүрдүүлүктүн бузулушуна алып келүүдө. Ошондой эле, буга мыйзамдын негизинде тыюу салынганы менен ал толугу менен аткарылбай келет.
Күн мурун президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына кайрылып, браконьерликти токтотуп, жаратылышты сактоого чакырды.
Өлкө башчысынын айтымында, акыркы үч жылда Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычтарынан алынган торлордун узундугу 5 миң 700 чакырымга жеткен.
“Бул аралык Бишкектен Москва аркылуу Санкт-Петербургга чейинки жолго тете. Торлордон балыктар эле эмес, канаттуулар да кырылып жатат.
2022–2025-жылдары алынган торлордун саны – 34 миң 454 даана, жалпы узундугу 5 659 чакырымдан ашкан. Жыл башынан башынан бери эле 2 миң 428 тор алынып, анын узундугу 1 миң 700 километрди түзгөн”-деди ал.
Ошондой эле президент суу жээгинде жашаган жарандарды мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүгө чакырып өттү. Ал эми браконьерлерге түз кайрылып жатып, “Торлоруңардан балыктар менен кошо өрдөк куштар да жабыркап жатат. Бабаларыбыздан калган табигатыбызды көздүн карегиндей сактоо зарылдыгы учурда өтө актуалдуу. Ага ар бирибиз, чоң-кичине дебей салым кошолу!”,-деп баса белгиледи.

Жашыл экономика боюнча эксперт Арстан Кадыровдун пикирине ылайык, бул көйгөйдүн негизги себептеринин бири – мыйзам түрүндө тыюу салынганына карабай, синтетикалык торлордун өлкөгө контрабандалык жол менен кириши жана алардын базарларда, балык уулоочу шаймандарды саткан дүкөндөргө сатылып жатышы.
“2020-жылдын 28-февралында кабыл алынган “Өлкөнүн аймагына синтетикалык балык уулоочу торлорду, электр менен кармоочу системаларды алып кирүүгө, чыгарууга, өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын тең автору катары, демилгечиси катары - торлордун өлкөгө кирүү булагына бөгөт коюу аркылуу гана бул экологиялык көйгөйдү чечүүгө болот деп айта алам.

Синтетикалык тор – негизи абдан жаман буюм болуп саналат. Себеби, ал 300 жылга чейин чирибей, жок болбой жүрө берет. Ошондой эле, илгерки жип торлор оор болуп, суунун түбүнө чөгүп кетсе, булар жеңил болуп, суунун ичинде калкып жүрө берет. Анын ичине тонналаган балыктар түшөт. Алар тордун ичинен өлүп, чирип, кайра башкалары түшөт. Ошентип көп сандаган балыктар кырылат.
Бир убактарда мындай торлор Кытайдан көп санда алынып келинип, базарларда ачык сатылчу. 100 метри болгону 300 сом болгондуктан, арзандыгына карап көптөн алып сууга салып, кайра албай таштап коюшат.
Мисалы, кээ бирөөнү толкун алып кетет. Айрымдарын салган жерин унутуп таппай калышат. Ошентип ал калкып кете берет. Соң-Көл көлүндө чириген балыктардын жыты 2-3 чакырымга чейин жеткен учурлар катталып турат”-деди ал.

Ошондой эле эксперттин айтымында бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттерди синтетикалык балык уулоочу торлорду өлкөгө алып кирүүгө жана сатууга тыюу салууга багыттоо зарыл.
“Браконьерликке каршы күрөшүүлөр жаңы башталганда бир жыйынтык чыгат го деген үмүт болгон. Себеби, маселенин түбү өлкөгө эркин кириши жана ачык сатылышында болчу. Андан соң буга карата мыйзам долбоору иштелип чыгып, күчүнө кирсе дагы толук аткарылбай жатты. Ошол мезгилде Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен министрликтерге тапшырма берилип, ачык сатуудан алынып, жок кылынгандан кийин кичине тыйыла түштү. Бирок, азыр деле бул мыйзамсыз аңчылык толугу менен токтой элек. Контрабандалык жол менен өлкөгө киргизип жаткандар, жашыруун сатып алып жаткандар дагы деле бар. Негизи мыйзамга ылайык айып пулдар салынып, кармалган учурда кылмыш иши ачылат. Бирок, буга да карабастан колдонуп жатышат. Ал үчүн торлорду саткан каналдарды түп-тамыры менен жабуу керек”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу системалардын тизмегин бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому кабыл алынган.
Ошондой эле, 2024-жылдын 12-июлунда балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу системалардын жок кылуу тартиби бекитилген.
Анын катарына - синтетикалык балык уулоочу торлор – химиялык жол менен алынган жиптерден токулган торлор;
Электр менен кармоочу системалар – электрдик сигнал чыгаруучу генераторлордон, ага кошулган зымдардан жана аккумулятордон (батареядан) турган жабдыктар. Булардын баары бирдикте иштеп, электр тогу аркылуу суу жаныбарларын (балык ж.б.) кармоо функциясын аткаруучулар кирген.