Көл түбү таштандыдан кантип тазаланат? Жаңы тартип

Министрлер кабинети Загрузка... 15 Январь 2026 11:05
514528972_3470593999750441_1619646775967173824_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинети атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн жээктерин терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана менчигинин түрүнө карабастан эс алуу жайларын эксплуатациялоочу, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана башка иш-аракеттерди жүргүзгөн менчик ээлеринин же ижарачылардын көл жээгинин аймактарын талаптагыдай күтүүсү үчүн жоопкерчиликти белгилейт.

Жээктин аймактарын терең тазалоонун жана Ысык-Көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан атайын жабдууларды колдонуу менен суу астынан тазалоонун тартиби Ысык-Көлдүн эс алуу жайларын санитардык-экологиялык талаптарга ылайык кармоонун шарттарын аныктайт.