Көңүл буруңуз! Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 09:40
001-1-1016x630.jpg
copyright icon www

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда Бишкектин айрым жерлеринде түтүктөрдү оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Скрябин — Абай — Радищев — Байтик баатыр — Медеров — Абай — Тыныстанов — Медеров — Скрябин — Малдыбаев — Медеров — Байтик баатыр.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.