Көңүл бургула! Бүгүн Бишкектин 11-кичи районунда жылуулук жана ысык суу болбойт

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 09:30
img-14131-89134.730x0.jpg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында бүгүн саат 8.30дан 18.00гө чейин Бишкектин11-кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, төмөнкү даректер өчүрүлөт:

11- кичи райондогу турак жай имараттары - № 2,15,16,17,17/1,17а,18,19,20,20/6,21,22,23,24,25,26,27, ошондой эле №94 бала бакча.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилине карабай уланууда.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга туура менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.