Көңүл бургула! Бүгүн Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 06 Март 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек,06.03.25./Кабар/. Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өчүрүү Ала-Тоо конушунун суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.