Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын ортосунда көкпар боюнча финалдык беттеш өтүүдө.
Биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын командасынан төрт салым болду. Дастан Русланов эки жолу, Манас Ниязов менен Өмүрбек Эсен уулу бирден салым салышты.
Казакстандын командасынан Курманбек Туранбек жана Ынтымак Аликбаев бирден салым киргизишти.
Ошентип, биринчи бөлүктүн жыйынтыгында эсеп Кыргызстандын пайдасына 4:2 болууда.
Күйөрмандар эки команданы тең кызуу колдоп, аренада финалдык беттештин өзгөчө маанайы өкүм сүрүүдө.