Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар оюнунун финалы өтүүдө.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешип жатат.
Ушул мүнөттөрдө эсеп саны 1:0 болуп, кыргыз спортчулары эсепти ачты.
Упайды Кыргызстандын курама командасына оюн башталгандан 30 секунда өтпөй Дастан Русланов алып келди.