Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинен билдиришти.
Финалдык мелдештер “Көк бөрү” аренасында өтөт. Аренага кирүү билеттин негизинде гана жүргүзүлөт.
Уюштуруучулар билеттер толук сатылып бүткөндүктөн, күйөрмандарды белгисиз адамдардан билет сатып албоого жана социалдык тармактардагы шектүү жарыяларга ишенбөөгө чакырышат.
Билети жок күйөрмандар үчүн Бает айылында, “Ак Марал” жана “Чайка” пансионаттарынын ортосундагы жээк тилкесинде атайын фан-зона уюштурулат. Анда финалдык мелдештер чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.
Ошондой эле оюндарды УТРК, ЭлТР жана Nomad телеканалдарынан, ошондой эле алардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан түз эфирде көрүүгө болот.