Күйүүчү-майлоочу май: Ички рынокту туруктуу камсыздоо чаралары көрүлүүдө

Министрлер кабинети 44 11 Август 2026 10:50
6a79d5d748e72 (1).jpeg
6a79d5dd5e774 (1).jpeg
6a79d5d134c7b (1).jpeg
6a79d5dd5dc5f.jpeg
6a79d5da95e9c.jpeg
6a79d5da5b45e.jpeg
Алдыга
Артка
6a79d5d748e72 (1).jpeg
6a79d5dd5e774 (1).jpeg
6a79d5d134c7b (1).jpeg
6a79d5dd5dc5f.jpeg
6a79d5da95e9c.jpeg
6a79d5da5b45e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселелери боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында мунай заттары рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча актуалдуу маселелер, анын ичинде жеткирүүлөр, камдалган запастар жана керектөөчүлөрдү зарыл болгон көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майлар менен туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды. 

Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо жана ички рыноктогу тартыштыкка жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга мунай заттарын туруктуу жеткирүүнү камсыздоо жана ички рыноктогу кырдаалды мындан ары көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилди.