Күйүүчү майдын баасы: Кыргызстанда бааларды турукташтыруу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Экономика 141 14 Август 2026 17:35
16e3efd7b34ad255138.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы быйыл башка жылдарга салыштырмалуу көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө Лондондун ICE (InterContinental Exchange Futures) биржасында Brent маркасындагы мунайдын наркы 0,63 долларга жогорулап, бир баррели 87,70 долларды түздү. Ал эми Нью-Йорктун NYMEX (New York Mercantile Exchange) биржасында Light маркасындагы мунайдын баррели 0,68 долларга кымбаттап, 81,93 долларга жетти. Күйүүчү-майлоочу май рыногундагы мындай кырдаал мунай продуктуларын импорттогон өлкөлөргө кошумча чараларды көрүүгө алып келүүдө. “Кабар” агенттиги Кыргызстан күйүүчү майдын баасын турукташтыруу жана май импортунун багыттарын көбөйтүүгө кандай аракеттерди көрүп жатканы тууралуу айтып берет.

thumbs_b_c_18ad7e1f.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Дүйнө жүзү боюнча күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өзгөрүлүп жаткандыктан өткөн айда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасы бекитилген. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдарга убактылуу мамлекеттик бааларды жөнгө салуу киргизилип, АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензин, дизелдик отун жана суюлтулган көмүр суутек газына максималдуу чекене баалар белгиленген.

  • Аи-92: 79,80 – 84,40 сом,
  • Аи-95: 88,90 – 89,90 сом,
  • Дизель отуну: 93,80 – 97,30 сом,
  • Автогаз: 45,80 – 48,80 сом.

Айрым бийик тоолуу жана алыскы райондор үчүн күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө байланышкан кошумча транспорттук-логистикалык чыгымдарды эске алуу менен атайын максималдуу баалар каралган.

2912143.b069545553db4027cfb5328af1a05c96

Ошондой эле 25-майдан 30-сентябрга чейин күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу жана саткан субъекттерге субсидия берилүүдө. Субсидиялар рыноктук жана белгиленген баалардын ортосундагы айырманы жабуу максатын көздөйт.

  • Аи-92 бензини — 860 АКШ доллары/тонна;
  • Аи-95 бензини — 940 АКШ доллары/тонна;
  • дизелдик күйүүчү май — 950 АКШ доллары/тонна;
  • суюлтулган көмүр суутек газы — 575 АКШ доллары/тонна.

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу күйүүчү майдын баасы өсүп жаткан шартта Кыргызстанда бааны кескин көтөрбөөгө аракет жасалууда.

DOS_5657_sncMc.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Биз аны бюджеттен субсидиялап жатабыз. Мейли 89 сомдон турсун, мейли 90 сомдон турсун, калганын бюджеттен берели деп жаап жатабыз", - деди президент.

Учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларына күнүмдүк мониторинг жүргүзүлүүдө. Белгиленген максималдуу чекене баалардын ашырылган учурлары аныкталса, мыйзамдарга ылайык тиешелүү жоопкерчилик чаралары колдонуларын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирген.

Бааларды турукташтыруу иштеринин алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу күн сайын маалымат берүүдө. Күн мурун, 13-августка карата Кыргызстандагы Аи-92 – 86,9 сом, Аи-95 – 109,9 сом, дизелдик отун – 99,9 сом, автогаз – 48,8 сомду түздү.

542948_3nQ3cYm_TsX0_qlvE1HT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Кыргызстан учурда күйүүчү май жана газ боюнча импортко көз каранды болууда. Мындан улам өлкөдө өз мунайын өндүрүүнү жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Садыр Жапаровдун айтымында, учурда Кыргызстан керектеген күйүүчү майдын болжол менен 90 пайызы Россиядан алынат. Өлкөдө Кара-Балтадагы "Жунда" жана Жалал-Абаддагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканалары иштеп жатат, бирок алардын кубаттуулугу ички керектөөнү толук камсыз кылууга жетишсиз.

"Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын модернизациялоого жалпысынан 400 млн долларга жакын каражат багытталууда. Анын 200 млн доллары мамлекет тарабынан, калган бөлүгү инвесторлор тарабынан каржыланат. Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин 2028-жылы ишканада евростандартка жооп берген К5 үлгүсүндөгү бензин өндүрүлө баштайт.

"Жунда" заводунда да реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ага Кытай тараптан 500 млн доллар бөлүнгөнү айтылды. Бул заводдо да модернизациялоо иштери 2028-жылы аяктап, К5 үлгүсүндөгү бензин өндүрүлө баштайт", - деди президент.

Президент бул эки завод модернизациялангандан кийин өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарынын керектөөсүнүн жарым бөлүгүн камсыздай аларын айтты. Калган керектөөнү жабуу үчүн Кемин районунда жана Ош же Жалал-Абад облустарында дагы эки мунай иштетүүчү завод куруу пландалууда.

WhatsApp_Image_2026-08-07_at_10.19.07.width-800

Мындай заводдордун курулушу Кыргызстанга күйүүчү май боюнча көз карандылыкты азайтууга шарт түзөт. Муну менен катар, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштери уланууда. Темир жол инфраструктурасы өнүксө, Түркмөнстан, Азербайжан жана Ирандан мунай алуу мүмкүнчүлүгү кыйла эле кеңеет.

Экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине билдиргендей, күйүүчү-майлоочу майларды импорттоочуларга жана сатуучуларга убактылуу субсидиянын берилиши мамлекет сатып алуу баасы менен өзү бекиткен баанын ортосундагы айырманы бюджеттен төлөп, импорттоочулар менен сатуучулардын чыгымын жабууга жана чекене бааларды туруктуу кармоого мүмкүнчүлүк берет.

Iskender-SHarsheev.width-800
“Темир жол станцияларындагы базистик баа боюнча АИ-92 бензининин бир тоннасы 860 АКШ доллары, АИ-95 бензини 940 АКШ доллары, дизель майы 950 АКШ доллары жана суюлтулган газ 575 АКШ доллары деп белгиленген. Субсидиянын өлчөмү белгиленген баанын 20 пайызынан ашпайт. Мындан тышкары, акциз салыгын төлөө мөөнөттөрү узартылып, бааларды убактылуу жөнгө салуу киргизилген, кийинчерек АИ-95 бензини боюнча талаптар бир аз жумшартылган. Натыйжада импорттоочулар жана сатуучулар күйүүчү майды жогорку импорттук баада сатып алган учурда да чыгымга учурабай иштеп, чекене бааларды туруктуу кармай алышат”, - деди экономист.

Искендер Шаршеевдин пикиринде, Кыргызстанга импорттолгон күйүүчү майдын 90–95 пайызы Россиядан келет, бирок учурда жеткирүү булактарын кеңейтүү максатында Кытай, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен иш жүргүзүлүп, айрым багыттар боюнча чакан көлөмдөгү жеткирүүлөр башталды. Кытайдан күйүүчү май Торугарт жана Эркечтам өткөрүү пункттары аркылуу автотранспорт менен ташылып, авиакеросин жана дизель майын жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Беларустан күйүүчү май Россиянын аймагы аркылуу темир жол менен ташылат.

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүп жатат. Темир жол курулуп бүткөндөн кийин Кытайдан мунай продуктуларын темир жол аркылуу ташууга шарт түзүлүп, транзиттик убакыт менен чыгымдар кыскарып, логистикалык рынок кеңейип, альтернативдүү жеткирүү жолдору пайда болот. Бирок бул темир жол негизинен жалпы жүктөрдү жана транзиттик товарларды ташууга багытталгандыктан, мунай продуктулары үчүн атайын цистерналар, терминалдар жана башка кошумча инфраструктура талап кылынат. Жаңы темир жол Россияга болгон көз карандылыкты толугу менен жойбосо да, жеткирүүлөрдү диверсификациялоого жана жаңы рынокторго чыгууга олуттуу жардам берет”, - деп айтты экономист.