Россиядан күйүүчү май импорттогон бир катар өлкөлөрдө бензин менен дизелдин тартыштыгы жарала баштады. Бул жагдай россиялык тараптын экспорттук чектөөлөрүнө байланыштуу.
ЕАЭБге кирбеген, бирок Россиядан күйүүчү жана майлоочу май алган Монголиянын май куюучу жайларында күйүүчү май чектөө менен сатылып, узун кезектер орун алып, таңкыстык жаралган видео тасма интернетке тарады.
Ал эми Кыргызстан ЕАЭБге мүчө. Балким, ошол үчүн Россия ага азырынча экспорттук чектөө киргизе элек. Бирок анын өзүндө таңкыстык күч алса, өлкөнүн күйүүчү майга муктаждыгын камсыздоо үзгүлтүккө учурабайбы деген кооптонуу бар. Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасы кескин жогорулады. Жыл башынан бери бензин менен дизелдин наркы 5,5 сомдон 8,5 сомго чейин өстү.
Салык жеңилдиктерин киргизүү сунушталууда
Кымбатчылыкты ооздуктоо үчүн өкмөттө антикризисттик чаралар иштелип чыгып жатканы айтылууда. Азырынча ал жарыялана элек. Бирок ишенимдүү булактар таңкыстыктын алдын алуу үчүн импортерлорду жана мунай иштетүүчүлөрдү акциздик салыктан, кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмүнөн убактылуу бошотуу чараларын киргизүү жагы каралып жатканын ырасташты. Мындай чаралар жетиштүү запастарды камдоого жардам берип, кырдаалды жөнгө салууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Болбосо, мунайзат рыногундагы абал бир топ татаал бойдон калууда.
Өлкө жылына 1 млн 200 миң тонна күйүүчү май керектесе, анын 93%ы Россиядан келет. Россиядагы мунай кайра иштеткен заводдор ремонтко токтоп, таңкыстыктан улам ички баалар өсүп, бензин менен дизелди тышка сатууга экспорттук чектөөлөр киргизилүүдө. Бирок, азырынча Кыргызстанга карата мындай чектөө киргизилбегени менен Россиянын заводдору мурда макулдашылган көлөмдү өз убагында бере албай, ташып-жеткирүү үзгүлтүккө учураса анын ордун башка жактардан алып келип толтуруу кантип жолго коюлат деген маселе турат. Себеби буга чейин алынып келген күйүүчү май запастары түгөнүп, Кыргызстанда да тартыштык жаралса, көйгөйдү чечүүнүн жолдору кандай болот? Кырдаалдан чыгуунун жолдору барбы?
Кырдаалдан чыгуунун кыябы
Мына ушул түзүлгөн кырдаалды жана андан келип чыккан жагдайды талдоого алабыз. Анткени күн санап, күйүүчү май көйгөйү күндүн башкы темасына айланууда. Себеби жүк ташуулар - логистика тармагы, транспорт кыймылы, экономикалык активдүүлүктүн бардык түрлөрү дээрлик күйүүчү майга байланганы жана анын таңкыстыгы өлкөгө олуттуу таасир этиши мүмкүн экени белгилүү. Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы өсүп, топтолгон мунайзат запастары азайып жаткан маалда, өкмөт азыр абалдан чыгуунун жолдору боюнча тапшырмаларды берип — кырдаалды көзөмөлдөө чараларын жабык талкуулап жаткан учур.
Кыргызстан мунай сатуучулар бирлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө өлкөдө күйүүчү майдын запасы — бир айга жетпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилиги октябрдын башында күйүүчү май ташыган трейдерлер менен жолугуп, рыноктогу жалпы абалды талкуулаган болчу. Кыргызстан Россия менен быйыл 2025-жылга карата 1,2 миллион тонна күйүүчү май жеткирүү боюнча индикативдик балансты бекиткен макулдашууга кол койгон.
Бирок Россиянын өзүндө түзүлгөн абалга байланыштуу ал жактагы ички баанын өсүшү жана экспорттук квоталардын чектелиши Кыргызстанга каралган көлөмдү кыскартууга алып келиши мүмкүн. Натыйжада, бензин менен дизелдин баасынын Кыргызстанда да көтөрүлүп, алдыда күйүүчү май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн экенин нефти трейдерлер бирлиги жокко чыгарбайт.
Мындай көрүнүш Кыргызстанда же башка кошуна өлкөлөрдө биринчи жолу болуп жаткан жок. Россиянын же Казакстандын мунай рыногундагы абал кошуналарга да таасирин тийгизип, таңкыстык жаралып, күйүүчү майдын баалары кескин өсүп кеткен
жагдайлар буга чейин дагы болгон. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май, суюлтулган газ жана жаратылыш газы боюнча дээрлик толугу менен Россиядан көз каранды. Ал эми чөлкөмдөгү жана дүйнөлүк базардагы өзгөрүүлөр өлкөдөгү ички баага түздөн-түз таасир берип, рынокто олку-солкулук орун алган учурлар аз эмес. Бирок бул жолку жагдай бир кыйла олуттуу экенин эксперттер баса белгилешүүдө.
Күйүүчү май импорту: беш багыттын үчөө планда
Экономисттер эгер импорт кечиксе, ноябрдын башында же орто ченинде айрым аймактарда жана шаарларда күйүүчү майга тартыштык болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Мына ошого жеткирбей, аткаруу бийлиги кандай чараларды көрүүгө камданып жатканы үстүртөн болсо да, белгилүү болду.
Россиядагы мунайды кайра иштетүү тармагындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу анын өзүнүн ички рыногунда дизель менен бензинге болгон суроо-талап көбөйдү.
Ошондуктан кошуна өлкөлөргө экспорт көлөмү азайды. “Эми Кыргызстан үчүн баанын өсүшүн токтотуу өтө кыйын”, — деп түшүндүрүшөт айрым экономисттер.
Көрүнүп тургандай, негизги көйгөй — импорттун бир багытка көз карандылыгы.
Кыргызстандагы күйүүчү майдын 90 пайыздан ашууну Россиядан келет.
Эгер ошол жакта өндүрүш токтосо же баа көтөрүлсө — бизде да автоматтык түрдө кризис жаралат. Бирок, бул кырдаалда өкмөт антикризисттик чараларды караштырып, өз варианттарын сунуштап жатат.
Азыркы учурда күйүүчү майдын кайсы бир көлөмүн алуу үчүн Казакстан, Түркмөнстан жана Азербайжан менен келишимдерди түзүү пландары каралууда. Бул өлкөлөр аркылуу бензин менен дизель жеткирүү логистикалык жактан мүмкүн, бирок баалары Россияга караганда бир аз жогору болот. Анткени Россия күйүүчү майды экспорттук пошлинасыз берип келет. Ошондой эле логистикасы жолго салынган жана транспорттук чыгымдары да арзанга турат. Бирок Россия жакынкы мезгилде күйүүчү майдын бекитилген көлөмү менен камсыздоо шарттарын аткара албай калса, анда айла жок, башка жаңы багыттар аркылуу ташып жеткирүүнү колго алууга туура келет. Анткени бул чара — таңкыстыктан чыгуу үчүн эң реалдуу жолдордун бири.
Энергетикалык коопсуздук чаралары
Бирок күйүүчү майдын альтернативдүү импорту — бул убактылуу гана чара. Себеби транспорттук чыгымдар жана бажы төлөмдөрү бааны дагы көтөрүшү мүмкүн. Ошондуктан бул маселе терең изилденип, жогорку деңгээлде — стратегиялык мааниде каралышы абзел.
Экономисттер жана мунай базарынын адистери бир нече ыкманы сунуштап жатышат: Биринчиси — күйүүчү жана майлоочу майдын стратегиялык запастарын көбөйтүү. Өлкөдө стратегиялык күйүүчү май резервдерин түзүү зарыл. Бул бир айга эмес, жок дегенде кеминде алты айлык керектөөнү камтышы керек. Экинчиси — импортту диверсификациялоо. Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөр менен узак мөөнөттүү жана туруктуу кепилдиги бар келишимдерди түзүү абзел. Үчүнчүсү — ички өндүрүштү көбөйтүп, мунайды кайра иштетүүнү өнүктүрүү. Кыргызстанда чакан мунай иштетүүчү заводдорду куруу демилгеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Бирок, азыр өлкөдө 8 мунай иштетүү ишканасы катталып, анын үчөө гана туруктуу иштейт.
Көрүнүп тургандай, маселе бир эле баада эмес. Бул — улуттук энергетикалык коопсуздук маселеси. Кыска мөөнөттө — күйүүчү майдын импортун диверсификациялоо жана запастарды толуктоо зарыл. Орто жана узак мөөнөттө — ички өндүрүштү өнүктүрүү жана ресурстарды үнөмдөө стратегиясына өтүү — эң туура жол. Бул багытта өкмөттүн чечкиндүү кадамдары талап кылынат. Кыргызстандын экономикасы бүгүн жаңы сыноого дуушар болду. Бул кырдаал — эскертүү: күйүүчү май рыногуна болгон көз карандылыктан чыгуу — улуттук стратегиялык артыкчылык болушу керек. Күйүүчү май кризиси бир чети азыр татаал машакат болуп жатканы менен аны импорттоо булагын диверсификациялоо үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк катары да каралууга тийиш. Анткени рынокту бир гана тараптан көз каранды кылбай, ар тараптуу багыттардан энергия булагын алып, ата-мекендик рынокту коргоо жана күйүүчү май запастарын камдоо улуттук энергетикалык коопсуздук маселеси экени маалым.
Материал «Кабар» агенттигинин «Тегирмен» берүүсүнүн негизинде даярдалды.