Китеп дүйнөсүндөгү жеңиш

Маданият Загрузка... 31 Декабрь 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Кыргыз мамлекеттик китеп палатасы – Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин уюму болуп саналат. Китеп палатасынын функциясы: өлкө аймагындагы мамлекеттик жана жеке басылмалардын бардыгына көзөмөл жүргүзүп, алардан жарыкка чыккан эмгектерди каттоого алып, эсепке киргизет. Муну менен катар мекеменин «Улуттук библиография» бөлүмү өлкө ичиндеги жарык көргөн басылмаларды библиографиялык каттоодон өткөрүп, библиографияларын түзүү менен катар милдеттүү нускасын мамлекеттик жана статистикалык каттоого алат. 1939-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Китеп палатасы басма сөздү каттап, сактоодон тышкары, борборлоштурулган каталогдоштуруунун жана Улуттук ISBN, ISSN агенттигинин борбору болуп саналат.

Кыргыз мамлекеттик китеп палатасы жыл сайын КМШ мамлекеттери арасында өткөрүлүп келе жаткан бир катар конкурстарга катышып, өлкө аймагындагы басмаканалардан жарыкка чыккан эмгектерди алардын баасына коёт. Узап бараткан 2025-жылы Кыргыз мамлекеттик китеп палатасы үчүн да бир канча ийгиликтер менен коштолду. Мына ушул себептен улам аталган мекеменин директору Койчуман Момункуловго китеп дүйнөсүндөгү саамалык боюнча учкай суроо узаттык.

Койчуман Момункулов, Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– КМШ мамлекеттери арасында эл аралык “Искусство книги” деген конкурс бар. Жылына биз ал жакка Кыргызстанда жарыкка чыккан китептерди кароого коюп, сынакка катышып келебиз. Узап бараткан 2025-жыл биз үчүн өтө жемиштүү жылдардан болду. Себеби, аталган конкурста биз төрт сыйлыкты багындырып, 4 китепке 1-даражадагы диплом, 2 китепке 2-даражадагы диплом, анан 1 китепке 3-дарадажагы диплом менен кайтып келдик. Андан тышкары, атайын 1 диплом “Кыргыз прокуратурасына 100 жыл” деген китепке берилди. Муну менен катар “Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына” арналган китепке алтын диплом ыйгарылды.

Андан башка да Казакстандын Алматы калаасында жыл сайын өткөрүлүп турчу эл аралык “Улуу Жибек жолу” аталышындагы конкурска катыштык. Ал жакта “Жылдын мыкты жазуучусу” наамын жазуучу Ишен Айтмамбетовдун “Беталман” аталышындагы чыгармасы жеңишке жетти. Ал эми “Жылдын мыкты котормосу” наамын казак тилинен кыргыз тилине которулган поэзия жыйнакка берилди.

Биздин Китеп палатасына өлкөбүздөгү ар кыл басмаканалардан китептер келип түшкөндүктөн, бул жактан биз алардын ички мазмунуна, маани-маңызына, чыгарманын деңгээлине, китептин мукабасына, жасалгасына, эстетикасына ылайык тандап алып ушул жогоруда аталган кароо-сынактарга жөнөтөбүз. Биз, комиссия түзүп, чыгарманын маңызына талдоо жүргүзөбүз. Китептин жасалгасына да өзгөчө көңүл бурабыз. Сыйлыкка берилген китептер орус тилинде жана кыргыз тилинде болушу абзел. Эгер ал жактагы конкурстагы калыстар курамына кыргыз тилинде китептер колуна тийген болсо, биздин комиссия мүчөлөрүбүздүн берген баасы, аннотациясы, орусча пикирлери тиркелип, аларга китеп эмне тууралуу экендигин түшүндүрүп беребиз. Калыстар курамына КМШ мамлекеттеринен ар бир адам мүчө болуп олтурат. Алар алдында турган китептерге жакшылап терең үңүлүп, басмакананын аткарган ишине, чыгарманын маңызына, китептин сырткы жана ички жасалгасына, сапатына, дизайнерге, сүрөтчүнүн эмгегине дейре баа коюп, анан бир чечимге келишет. Бул жолу калыстар курамына Кыргызстандан мен катыштым. Айта кетчү жагдай, 1-2-3-чү орунду багындырган дипломдорго акчалай сыйлыктар берилбейт. Бар болгону жалгыз гана Гран-при алган адамга 1 млн рубль тапшырылат. Ушул сапар Беларустан келген “Наследие Беларуси” аталышындагы китеп, авторлору Алексеев менен Лукашевич гран-приге ээ болушту.

Анда, Жаңы 2026-жылы да бир топ ийгиликтерге ээ болуп, кыргыз китептерин кыйлага даңазалай бериңиздер!

– Рахмат!