Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө багытталган эл аралык KIT-форуму өтүүдө. Ага 20дан ашык өлкөнүн IT-компанияларынын өкүлдөрү келишти.
Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров билдиргендей, бул жылы форумда жасалма интеллектке байланыштуу маселелер кызуу талкууланууда.
Ал ошондой эле буга чейин кыргызстандык адистер “Акылай” AI системасынын негизинде өздөрүнүн иштеп чыгууларын сунушташканын жана учурда бул жаатта жаңы долбоорлордун үстүндө иштер жүрүп жатканын белгиледи.
“Форумдун өзгөчө учуру Лондондогу Google DeepMind борборунда иштеген мекендешибиз Алия Рыспектин сүйлөгөнү болду. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик”, - деп белгиледи Абакиров.
Бул жолу KIT-форуму 3000дей катышуучуну чогултту. Форум алдыңкы университеттерди, IT-компанияларды жана стартаптарды бириктирген ЭКСПО көргөзмөсүн камтыйт.
Уюштуруучулар форумдун катышуучуларынын саны жыл сайын өсүп жатканын баса белгилешет.
“Чет өлкөдөн келген коноктор тажрыйба алмашып эле тим болбостон, тоолордун, жаратылышыбыздын кооздугунан ырахат алышсын деп атайын форумду май айынын аягында өткөрүп жатабыз”, - деп кошумчалады Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси.
Форумундун жүрүшүндө Alkemis аталышындагы кыргызстандык AI стартапы катышуучулардын өзгөчө көңүл чордонунда болуп , 1,3 миллион доллар инвестиция тартууга жетишти.
“Биз муну биздин экосистема үчүн маанилүү кадам катары баалайбыз”, - деди Абакиров.
Белгилей кетсек Улуттук “Кабар” маалымат агенттиги форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.