Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Кийинки жылы Кыргызстандын аба транспортун өнүктүрүү максатында эки учак сатып алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Нарын" аэропортунун ачылышында айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, аймактар аралык каттамдар үчүн Bombardier Dash 8 үлгүсүндөгү учак алынат. Ал эми эл аралык каттамдар үчүн Airbus же Boeing маркасындагы учак сатып алуу пландалууда.
“Бомбардиер Даш-8” учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн "Нарын" жана "Казарман" аэропорттору расмий ачылды. Аталган аэропорттор бир нече жылдан бери иштебей турган. Эми кайрадан жаңыланып, пайдаланууга берилди.